Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Ирактык шийиттердин жол башчысы мекенине кайтып келди, Нажафтагы куралдуу тиреш уланып жатат


Али ал-Систани бүгүн Иракка кайтып келди. Ал эки жумадан бери Лондондо дарыланып жаткан эле. Ал-Систани Нажафтагы шийит партизандары менен америкалык жана өкмөттүк аскерлердин ортосундагы 20 күндөн ашкан тирешүүнү жөнгө салууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Бүгүн эртең менентен Нажафтагы Али Имамдын мечитинин жанында атышуунун добушу угулуп турду.

Америкалык танктар жана башка техника мечитти курчап турганы кабарланууда.

Мындан тышкары бүгүн Иракта АКШ армиясы Фаллужа шаарын бомбалады

Фаллужа - Ирактын батышында жайгашкан. Мындагы суни мусулмандарынын куралдуу топтору бир нече айдан берки барымтага алуулар жана коалицияга каршы чабуулдар үчүн күнөөлөнүп келет.

XS
SM
MD
LG