Линктер

logo-print
жума, 02-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Орусияда эки учактын кыйрашынын себептерин иликтеп жатышат


Бүгүн эртең менен дээрлик бир мезгилде орун алган кырсыкта 90дон ашык адам набыт болду. Башка себептер менен катар террордук кол салуу болгону болжолдонуп жатат.

Волгоград Эл аралык аба бекетинин деректору Юрий Димитриев журналисттерге буларды айтты:

- Учкучтун катасы эмес болуш керек, анткени эң татаал шартта да, мисалы, бир жери бузулуп же өрт чыкса, экипаждын мүчөлөрү жердеги аба көзөмөлүнө маалымат берүүгө үлгүрүшмөк.

Ичинде 50 киши болгон бир учак Маскөөдөн 1 миң чакырымдай аралыкта Ростов обласында кулап түштү. 43 киши менен бараткан дагы бир учак Тула областында кыйрады. Экөө тең Маскөөнүн Домодедово аба майданынан чыгып, бирөө жоголгондон бир нече мүнөттөн кийин экинчиси да табылбай калган. Кабарларда учактардын бири кыйроонун алдында кырсыктан кабар бергендиги айтылат. Орусияда аба бекеттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG