Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

АКШ КОРГОО КАТЧЫСЫ КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?


Шаршембиде АКШнын президенттигине талапкер, демократиялык партиянын өкүлү Жон Керри өлкөнүн коргоо министри Доналд Рамсфелдди ирактык абактагы укук бузууларга жол бергени үчүн кызматтан кетүүгө чакырды. Көз каранды эмес адистер тобу да шейшембиде Пентагонду түрмөдөгү укук бузуулар үчүн сынга алган. Деги, жогорку жетекчилер кандай усул менен саясий жоопкерчиликти өз мойнуна алууга тийиш?

Ушул тапта «Эмне кылуу керек?» деген суроо АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсфелддин далысын ныгырып турганы шексиз. Пентагондун бул азыркы башчысына укук коргоочулар гана эмес, оппозициячыл саясатчылар да байма-бай чабуул коюп, Багдаддагы абак жайындагы укук бузууларга жол койгону үчүн анын кызматтан чегинишин, дал ушул жол аркылуу саясий жоопкерчиликти өз мойнуна алышын талап кылууда. Алардын бири – азыркы президент Жорж Уокер Буштун быйылкы күздөгү негизги атаандашы, демократ Жон Керри. Ал шаршембиде Филаделфия шаарында чыгып сүйлөп, Доналд Рамсфелдди Ирактын ордо шаарында жайгашкан абактагы укук бузууларга жол бергени үчүн кызматтан кетүүгө чакырды.

Шейшемби күнү болсо Кошмо Штаттарда көз каранды эмес адистердин тобу Багдаддагы Абу Грайб түрмөсүндө америкалык аскерлер абактагыларга жасаган жосунсуз жоруктар тууралуу талкуу кылып, Пентагондун жогорку жетекчилигинин шалаакылыгынын айынан түрмөдө өзгөчө одоно мүнөздөгү укук бузууга жол берилген деген тыянагын чыгарган.

Бул топтун тыянагы тууралуу Вашингтондогу Като институтунун өкүлү Тэд Гален мындай деп баяндайт:

- Бул баяндамада Ирактагы абакта кармалгандар жаатында Пентагондун жетекчилигинин чоо-жайына чейин такталган же таасын стратегиясы жок болчу деп сынга алынган.

Гален мырзанын айтымында, Пентагондун өтө көп сандагы киши Ирактагы абактарда тутулаары ыктымал экенин алдын-ала болжолдой албагандыгы да баяндама ээлери тарабынан кескин сынга алынган.

Төрт адистен турган бул көз каранды эмес топту жетектеген саясий ишмер, өлкөнүн мурдагы коргоо катчысы Жеймс Шлезингер, бирок, азыркы коргоо катчысынын кызматтан кетиши маселесинде республикачылардын каршылаштарынын талабына макул эмес экенин билдирди:

- Рамсфелддин кызматтан чегиниши Американын бардык кас душмандарынын чырагына май тамызаар эле деген оюмду айтууга ыракым этиңиздер. Эгерде мындай кадам жасалчу болсо, анда ал мүшкүл иш болоор эле.

Шлезингер мырза жетектеген көз каранды эмес топтун мындай пикирин колдогондор да, сынга алгандар да арбын.

Айтмакчы, АКШ армиясынын өзү жүргүзгөн башка бир тергөөнүн жыйынтыгы шаршембиде, августтун 25инде жарыяланды. Генерал майор Жорж Фэй жетектеген топтун бул иликтөөсүнө караганда, былтыркы июл айынан үстүбүздөгү жылдын февралына чейинки аралыкта бери дегенде 30 аскер чалгынчысы, алардын ичинен эки жогорку кызматтагы офицер, Ирактагы абактарда орун алган укук бузуулардын 44 учуруна катышкан. Демек, абактагы кылмыш иштери азыркы тапта сот алдында жооп берип жаткан төмөнкү даражадагы жети сакчы менен эле чектелбейт.

Деги, ушул сыяктуу айыптоолор азыркы коргоо катчысынын кызматтан чегинишине алып келеби? Эки айдан соң президенттик шайлоо күтүлүп жаткан чакта, Буштун жакын кишилеринин бири – Д.Рамсфелддин кызматтан кетээри күмөн туудурат. Европадагы демократиялык өлкөлөрдө бул сыяктуу доолордон соң нечендеген төбөлдөр өз кызматынан ыктыярдуу кеткени маалым. Бирок Карнеги корунун өкүлү, укук коргоо жаатындагы адис Томас Кэротерстин оюнча, Кошмо Штаттарда мындай кадамдарга баргандар өтө аз.

Ушул тапта Принстон университетинин профессору кызматын аркалап жаткан, мурда Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар маселеси боюнча жогорку комиссарынын орун басары болгон Фредрик Бартон мырза Рамсфелддин кызматтан кетиши зарыл деп санайт, бирок дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө саясий жоопкерчиликти алуу маданияты алигиче төмөн бойдон экенин эскертет:

- Саясий жоопкерчиликти өзүнө алган кишилер бар. Маселен, биздин коомдо АКШ президенти Абрахам Линколн кулчулук окуялары үчүн кечирим сураса, ал эми БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан Сребреницадагы мусулмандардын кыргынга учурагандыгы үчүн жана Руандадагы тукум курут саясатына БУУнун ыкшоо мамилеси үчүн кечирим сураган. Бирок мындай учурлар өтө сейрек окуяга жатат. Ошон үчүн мындай окуялар кишилерге олуттуу таасир калтырууда.

Бартондун оюнча, мындай саясий кадамдар коомдук аң-сезимде олуттуу бурулуш жаратаарын мамлекет башчыларынын аңдоосуна эчак эле убакыт жеткен.

АКШ президенти Буш жана коргоо катчысы Рамсфелд Багдаддын абагындагы укук бузуулар үчүн быйыл май айында кечирим сурашкан. Бирок, Бартон сыяктуу адистер жаңы иликтөөлөрдүн натыйжалары калайыкка белгилүү болгон азыркы кырдаалда АКШ өкмөтү коомчулуктан жаңы илеп менен кечирим сурашы керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG