Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

ИСПАН ЖООКЕРЛЕРИ, ШАПИРОНУН КИТЕБИ, ИСАКОВДУН МАЕГИ


Кыргызстанга Испаниянын 50гө жакын аскери келди. Чоңалай районундагы Ленин пигин багынтуу учурунда 21-августта Орусиялык 46 жаштагы альпинист Михаил Журавлев каза тапты. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Кыргыз басылмаларында мындан тышкары дагы бир катар олуттуу темалар козголду.

Кыргызстанга Испаниянын Аскер-аба күчтөрүнүн 50гө жакын аскери келди. Бул тууралуу 25-августта жарыкка чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасы маалымдады. Анда Испандык учкучтардын жана техниктердин максаты Афганистандагы терроризмге каршы күрөштө коалициянын аскерлерине колдоо көрсөтүү. Жакында бул өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөт. Ушуга байланыштуу ар кандай экцесстерди алдын алуу үчүн коалициячылар Кыргызстанга келишти деп кабарлайт «Вечерний Бишкек» басылмасы.

Мындан тышкары «Чокудагы кырсык» деген ат менен Чоңалай районундагы Ленин пигин багынтуу учурунда 21-августта россиялык альпинист Михаил Журавлев каза тапканы туурасында макала орун алды. Чокуну багынткан альпинисттер ылдый түшүп келе жатышкан. Михаил жетекчи жана тажрыйбалуу спортсмен катары жол баштап алдыда бараткан. Бирок ал тайып кетип, туңгуюкка түшүп кеткен дейт басылманын кабарчысы. Макалада жолдоштору аны бир сутка бою издегени жана алардын аракеттеринен натыйжа чыкпаганы жазылган.

Басылманын ушул эле санында Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык башталганы жөнүндө жазылат. Анда майрамда Оштун жашоочуларын жана шаардын конокторун борбордук аянтта театралдаштырылган оюн-зоок программасы күтөт деп маалымдады кабарчы. Анын айтымында, дагы бир майрамдык программа Сулайман тоосунун этегинде өткөрүлөт.

Ал эми жума күнү чыга турган «Аалам» басылмасынын кыскача мазмуну менен басылманын жооптуу катчысы Нарынгүл Назаралиева тааныштырат:

- Бүгүнкү санда Сокулук районунун 100гө жакын ата-энелер президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин спикерлерине жолдогон каты чыгат. Анда алар окуу программага киргизилип жаткан «Жашоонун сергек мүнөзү» деген Шапиронун китебине каршы чыгышкан. Ошондой эле Кытайлыктарга Ысыккөлдүн жээгинен жер 49 жылга берилип жатканына нааразы пикирлер жарыяланууда.

Ошондой эле 27-августта басууга даярдалып жаткан «МСН» басылмасында Рина Приживойттун Аскар Акаевдин шайлоого катышканы туурабы деген пикири чагылдырылат. Анда автор президент от менен ойноп жатат деп билдирген.

Мындан сырткары, Мамбетжунус Абылов «Диалог - туруктуу болуунун жолу» деген ат менен макала жазган. Анда ал эмне үчун президент бийликте кармалып турат деген пикирин чагылдырды. Елена Скородумова Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева борбордон ажыратуу идеясына шылтап, токой чарбасын энчисине басып алгысы келип жатат деген оюн жазат.

Ал эми 27-августта жарыкка чыга турган «Жаны кылым» гезитинин кыскача мазмуну тууралуу басылманын кызматчысы Арипбек Абдыгулов мындай деди:

- Жаңы санда депутат Исмаил Исаковдун интервюсу бар. Анда ал 13 эгемендүүлүк жылдын ичинде кандай маанилүү окуялар болду, ушул боюнча кеңири токтолду. Ошондой эле ал келерки шайлоого ишенбөөчүлүк билдирген. Мындан тышкары окурманыбыздын казак менен кыргыздын чегарасында болуп жаткан маселе тууралуу пикири орун алды.
XS
SM
MD
LG