Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨБӨЙБӨЙТ?


Кыргыз өкмөтүнүн бейшембидеги жыйынында 2005-жылдын мамлекеттик бюджети жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралды. Сентябрь айынын башында долбоор эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кароосуна берилет. Өкмөт мүчөлөрү долбоорду бир добуштан жактырган менен анын киреше бөлүгүн көбөйтүү керек эле деген маселе да козголду.

Каржы министринин орун басары Ольга Лаврованын билдирүүсү боюнча, 2005-жылдын бюджети өнүгүүнүн макроэкономикалык прогнозунун негизинде түзүлдү:

- 2005-жылдын бюджети өлкөнүн макроэкономикалык өнүгүү прогнозунун, бюджеттин 2005-2007-жылдарга белгиленген орто мөөнөттөгү өнүгүүсү жөнүндөгү божомолдун жана быйылкы жылдагы өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде даярдалды.

Ольга Лаврованын айтымында, эмдиги жылы Кыргызстандын ички дүң продуктысынын өсүүсү 5 процент, инфляциянын деңгээли 4 процент жана сомдун АКШ долларына болгон катышы 44 сом болот деп болжолдонду. Бюджеттин киреше бөлүгү 15 миллиард 670 миллион 481 миң сом, чыгаша бөлүгү 16 миллиард 173 миллион 2 миң сом жана бюджеттин таңсыктыгы 502 миллион 723 миң сом болот деп түзүлдү. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча бюджеттин киреше бөлүгү толук аткарылат жана каражат алына турган булак анык. Ал тууралуу Ольга Лаврова:

- Бюджеттин киреше бөлүгү негизинен салыктын эсебинен топтолот. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча быйылкы жылга салыштырмалуу келерки жылы салык 11,4 процентке өсөт. Натыйжада, анын көлөмү 14 миллиард 800 миллион сом болот.

Ольга Лаврованын билдирүүсү боюнча, бюджеттин чыгаша бөлүгү мурдагыдай эле бюджеттин таңсыктыгын жоюуга жана социалдык мүдөөлөрдү камсыздандырууга жумшалат. Анткени, бул Кыргызстандын эки миллиард долларга жакын тышкы карызынын 450 миллион долларлык бөлүгүн кечүү маселесин териштире турган Париж клубунун талабы ушундай. Андан тышкары социалдык тармакка жумшалчу каражаттын көлөмү мурдагыга салыштырмалуу 552 миллион сомго көп болот. Буга бюджет саясатынын мурдагыдай эле социалдык колдоого багытталгандыгына байланыштуу болууда.

Эмдиги жылы быйылкыга салыштырмалуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө сарпталчу каражаттын көлөмү 16,1 процентке жогору болот. Буга эмдиги боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого 2 миллиард 278 миллион сом чыгымдалат деп болжолдонушу негиз берди.

Булардан тышкары тышкы карыз үчүн 3 миллиард 712 миллион, анын 2 миллиард 45 миллион сому негизги кредит үчүн, 1 миллиард 767 миллион сому үстөк проценти үчүн төлөнөт.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин баасы боюнча, бюджет долбоору ишке аша тургандай даярдалды. Бирок жыйында киреше бөлүк эмне үчүн көбөйтүлбөйт деген сын айтылып, ал көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Аны Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмундагы вице-премьер даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов козгоп, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасынын жана пенсионерлердин пенсиясынын көбөйбөгөндүгүнө ушул киреше бөлүктүн көтөрүлбөгөндүгү негиз берип жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, жыл сайын Өзбекстан киреше бөлүгүн эки эсеге, Тажикстан 60%ке, Беларусь 44, Казакстан 25, Орусия 22 процентке көтөрүп, ага жараша аракетин күчөтүп, маянаны жогорулатып барат. Ал эми Кыргызстандын жарыбаган маяна алган мыкты мугалимдери иштен кетип жатышат:

- Алар болгону 550 сомдук айлык алышат. Ошон үчүн башка жакка кетип жатышпайбы…

Базарбай Мамбетовдун мындай сунушун өкмөт мүчөлөрү каршы алып, Танаев өкмөт мүчөлөрүн популисттик саясаттан алыс болууга чакырды:

- Келгиле, популизм менен алектенбейли. Жакшы иштесек, жакшы киреше алып, маянаны көтөрө алабыз.

Николай Танаев ошондой эле иш жүзүндө региондогу коңшулардын жашоосу Кыргызстандыкынан алда канча төмөн деп баалады. Ал эми Каржы министри Болот Абилдаев сынды төмөнкүчө четке какты:

- Мен Базарбай Эстебесовичтин пикири менен такыр макул эмесмин. Акыркы үч жылдын ичинде айлык маяна фондусунун көлөмү 23-25 процентке чейин өстү. Үч жылдын ичинде бир гана мугалимдер менен врачтардын маянасын адегенде 15, андан кийин 20, өткөн жылы 30 процентке көтөрдүк. Жалпы жонунан 65 процентке жогорулады. Быйыл дагы көтөрөлү деп, азыр кошумча каражаттын булагын издеп жатабыз. Канча процентке көтөрөрүбүздү мен азыр так айта албайм… Биз жөн эле сүйлөй бербей, реалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүздүн негизинде жогорулаталы деп жатабыз да.
XS
SM
MD
LG