Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстандын экспорту өстү


БИШКЕК. Кыргызстандын экспорту быйылкы жылдын биринчи жарымында 44,8%ке өстү. Мындай маалымат бүгүн Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Сабырбек Молдокуловдун экспортту өнүктүрүүнүн 2002-2004-жылдар үчүн программасын аткаруу жыйынтыктары боюнча жасаган өкмөттүк жыйындагы отчетунда белгиленди. Маалыматка караганда, 2002- жана 2004-жылдар аралыгында экспорттун өлчөмү 485,5 миллион доллардан 581,7 миллион долларга чейин өскөн. Жыл этегине чейин экспорттун өлчөмү 690 миллион долларды түзүп, 19%ке өсөөрү күтүлүүдө. Ошондой болсо да Молдокуловдун отчетуна караганда, Кыргызстандын соода балансында тескери сальдо 83 миллион долларды түзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG