Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Аксылыктардын арызын сот 6-сентябрда карайт


ЖАЛАЛАБАД. 26-августка белгиленген апелляциялык арыздын каралбай калышына доогерлердин сотко келбей калышы себеп болду. Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитети муну 2002-жылы 17-мартта балдар курман болгон үй-бүлөлөрдүн чарба жумуштары күчөгөнү менен түшүндүрдү. Граждандык тартипте Кыргыз өкмөтүнүн моралдык-материалдык чыгым өндүрүү талабын койгон жабырлануучулардын доосун териштирүү 6-сентябрга жылдырылды. Алардын Аксы окуясында өлгөн балдары үчүн 500 миң сомдон эки жарым миллион сомго чейин кун төлөө талабын ишти караган райондук сот 15-июнда четке каккан. Кайгылуу окуяда алты жаран көз жумуп, ондогон адам жарадар болушкан.

XS
SM
MD
LG