Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

«КАНТИП ИШКЕРЛИК КЫЛУУ КЕРЕК?»: 5-берүү - «Акчаны акча табат»


Сапар Орозбаков, Прага Акчаңыз болуп туруп, бирок бир жакшы идеяңыз болбосо - акчаны кантип пайдаланарыңызды билбесеңиз, иш болбойт. Бирок идеяңыз болуп, акчаңыз болбосо да, ишкерлик кыла албайсыз. Ишкерлик кылуу үчүн алгачкы капитал керек. Акчаны акча гана табат. Алгачкы капиталды кантип топтош керек? Ал үчүн акчаны кайдан алыш керек?

Төлөндү Тойчубаев, «MNT consulting» компаниясынын жетекчиси:

- Анын үч жолу бар. Биринчиси - өзүңдүн акчаңды саласың. Ишкерлик кылып кетериңе ошончо эле ишенип турсаң, машинаңды, үйүңдү сат. Бизнести жаңы баштап жатсаң, тамакты тарта ичиш керек дегендей сөз да. Же жоро-жолдошторуңа, тааныш ишкерлерге барып түшүндүр. Алар сизге ишенсе, акча берип калышы мүмкүн. Бул – капитал жыйноонун экинчи жолу. Үчүнчү жолу болсо – банкка барып кредит алышың керек. Бирок сенин эч нерсең жок болсо, сага оңой менен эч ким акча бере койбойт. Ошондуктан биринчи кезекте өзүңдүн ресурсуңа карашың керек. Өзүңөр деле ойлосоңор, чөнтөгүңүздө миң доллар болсо, аны бирөө келип, «алдагы миң долларыңды мага бере тур, мен ресторан салып туруп, иштетип, эки айдан кийин берем» десе, сиз ага акчаңызды бересизби? Эч качан бербейсиз. Биринчиден, ал киши эч качан бизнес жасап көрбөсө. Мисал үчүн Байтур деп коелу. Ошол Байтурдун иш кылганын мурда көрбөсөңөр. Байтур баягы эле Байтур да. Сиз ага ишенбейсиз да. Анан ага кантип акча бересиз. Экинчиден, ал жанагы миң долларды берип койгондон кийин банкрот болуп калса, кантип кутулат деп ойлойсуз да. Ошондой эле банктар да акчаны жөн эле бере койбойт. Эгерде Байтурдун аракети бар болсо, ал ресторанды ачаар алдында эшиктин алдына бастырма жасай коюп, үйүндөгү үстөлүн, табуреткасын чыгарып, беш-алты кишиге тамак бере коюп турса, анда башка кеп. Анда «Байтурдун аракети бар, бирдеме болсо үйүн сатып, акчамды кайра алып алам» деп ага акча бериши мүмкүн.

Өзүңүздө акча болуп туруп, бирөөдөн акча сурасаңыз, сизди эч ким түшүнбөйт. Бирөөлөр ишенип акча беришпейт. Ошондуктан иш баштайм деген адам, Төлөндү Тойчубаев айткандай, биринчи кезекте өзүнүн чөнтөгүн карап көрүш керек. Өзүңүздө болбосо, аны туугандарынан, дос- тааныштарынан сурап көрүңүз. Кыргызда тууган-урук деген жетиштүү эле болот эмеспи. Алардын жакшы жери - банкка окшоп сизден үстөк пайыз деле сурашпайт. Айрымдары кийин кайрып бергин дебей, жардам иретинде эле бериши мүмкүн.

«Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев ишкерликти энесинин пенсиясы менен эле баштап кеткен. Ал азыркыга чейин банктан кредит алган эмес. Биз кепке тарткан башка ишкерлер да адегенде өзүнүн акчасын чыгарышып, жетпегенде гана бирөөдөн карыз алышкан.

Чыныбай Турсунбеков, «Акун» компаниясынын жетекчиси:

- Негизи, акча да товар. Акчасы бар киши - акчасын жүгүрткөнгө бирөөгө бере турган киши да акчасын пайдалуу саткысы келет. Көбүрөөк пайыз менен бергиси келет, Бирок ошол акчасы бар киши тобокелчиликке жөндөн жөн бара бербейт. Кардарды карайт. Акча бере турган киши эртеңки күнү акчаны кайтарып береби, жокпу дейт. Маселен, эгерде акча алып жаткан адам канча пайызга болсо да макул болуп, акча алам деп жатса, ал жеткен аферист болушу мүмкүн. Анын максаты - эптеп акчаны алып, көздөн кайым болуу, жеп алып «эмне кылсаң ошо кыл» деп, алакан жаюу. Же ал ыгы жок, ашкере тобокелчиликке бел байлаган адам болушу мүмкүн. Ашкере тобокелчилик дагы бизнес үчүн жаман. Тобокелчилик эсепке негизделиш керек. Эсеп да реалдуу болуш керек.

Мен өзүм акча табыш оңой эмес экенин бала кезимен эле жакшы түшүнөм. Турмуштун кыйынчылыгын мен да далай көрүп өскөм. Ошон үчүн мен студент кезимен баштап, кароолчу болуп акча тапчумун. Түнкүсүн фабрикада кароолчу болуп, ошол жерде отуруп окуп, жогорулатылган стипендия алчумун. Анча-мынча мугалимдерден көбүрөөк айлык алчумун. Ошол кезде эле акча кантип табылаарын билип калгам. Андан кийин чет өлкөгө кеткенде бир топ кызматтарда иштеп жүрдүм. Ушул эле «Азаттык» радиосунда да кабарчы болуп акча таап жүрдүм. Ошол эле мезгилде түнкүсүн китеп которуп, анын да калем акысын алып жүрдүм. Туркиянын ТИКА деген уюмунда иштедим. Андан сырткары элчиликте кызмат кылдым. Бир эле мезгилде төрт–беш кызматта иштеп, биринчи капиталды жыйнадым. Келинчегим дагы иштеди. Мисалы, бирөөбүздүн акчабызды күнүмдүк жашоого пайдалансак, экинчибиздикин топтодук. Жеке менин өзүмдүн капиталым баштай турган ишиме жетпейт болчу. Түркияда иш кылабыз дегендер көп. Алар менен кызыкчылыгыбызды бириктирип, акчаларыбызды кошуп, улам жаңы бир тепкичке көтөрүлүп жүрүп отурдук.


Өзүнүздүн акчаңыз жетпесе, тууган-урук жардам кылбаса, бирөөдөн карыз алууга туура келет. Кредит берген банктарды же фонддорду издейсиз. Алар берген акчаларына үстөк пайыз сурашат. Үстөк пайыз оңой акча эмес.

Абдисалим Чылымов, «Эмель» компаниясынын жетекчиси:

- Ким арзан акча берсе, ошондон алыш керек. Азыр бизде банктардын берип жаткан кредиттеринин үстөк пайызы аябай чоң. Чет өлкөлөрдө кредиттик 6% менен, ашып кетсе 8% менен берет. Бизде 20% ылдыйы жок. «Эмне үчүн» деп банкирлерден сурасам, «бизде тобокелчиликтин деңгээли жогору, кредиттер кайтарылбаганынан ошондой коёбуз» дешет.

Суроо: -Сиз бул ишиңизди баштаганда инвестор менен баштадыңыз да? Көпчүлүк капиталды ушулар чыгарышты да?

- Капиталдын баарын ушулар чыгарышты. Менден өзүмдүн күчүмөн башка эч нерсе чыккан жок. Бир тыйын да чыккан жок. Бир тыйыным да жок болчу. Булар чыгарышты. Мага ишенип, жарак-жабдык алганга акча берип турушту. Эч кандай үстөк пайызсыз эле. Себеби тиги кишинин өзүнүн акчасы болчу. Кыргызстандан кредит алган жокпуз. Азыр да албайбыз. Кээде аласа акчаң өз убагында келбей, бирок чийки затка тез аранын ичинде акча жөнөтүш керек болуп калат. Андай убакта мен Түркияга телефон чалып, «кыска мөөнөткө кредит алып бер» деп айтам. Ал кредитти 6% менен алып коёт. Биз аны тегерете коюп, кайра акча түшкөндө кайтарып беребиз.

Эч ким өз акчасын жөн эле «ме» деп бере койбойт. Сиз алган акчаңызды кайра кайрып бере аларыңызды далилдеп, кредит берүүчүнү ишендириңиз керек. Өткөндө сөз болгон бизнес-план ушул жерде абдан керектүү болот. Акча берген адам же банк сиздин ишиңиз болбой калып, акчаны кайтарып бербей коёбу деп, бизнес-пландан тышкары, күрөө да талап кылат.

Өмүрбек Абдрахманов,«Азат» корпорациясынын жетекчиси:

Суроо:- Сиз алгачкы капиталды кайдан алдыңыз?

- Ушул жерден - кыргыздардан эле алдым. 10 миң долларды процентке алып, карыздан эле баштагам..

Суроо: - Карыз болгондо, кандай, туугандардан алдыңызбы?

- Жок, тааныбаган эле кишилерден алдым.

Суроо: - Алар кантип беришти. Мисалы, мен антип эч кимден алалбайм?

- Бербесе, сиздин кебетеңиз, сөзүңүз ишенич туудурбайт. Сиз аларды ишендире албайсыз. Андан тышкары дагы бир нерсе бериш керек да. Мисалы, биз квартирабыздын документин бергенбиз. Ошондон тартып, улап кетип, ушунчага жеттик.

Суроо:- Менин билишимче Сиз банктан да кредит алгансыз?

- Ооба, фабриканы кураарда банктан 500 миң марка кредит алдык. Ага немецтерден станок сатып алганбыз.

Суроо:- Кандайча сизге кредит беришти. Азыр бир нерсе десең эле, күрөө кой дешет.

- Бул - колунан эч нерсе келбеген кишилердин айтканы болуш керек. Мен кредит алган учурда немецтердин кредити көпкө дейре алынбай турду. Өзүлөрү чакырып, алгыла дешти. Күрөөгө келген станоктордун өзүн койдук. Станоктор турган жайды койдук.

Кыргызстанда азыр кредит бере турган банктар жана фонддор көбөйүп калды. Алар кредит алгыла деп өздөрү жарыя кылып жатышат. Бирок алардын шарттары ар кандай.

Кыргызстандагы кредит берүүчү уюмдар
(«СЕНТИ» финансылык компаниянын маалыматы боюнча)



Кредит берүүчү уюмдар
негизги капитал
жүгүртмө капитал
сом
доллар
сом
доллар
Азияуниверсалбанк
-
-
40-45
25-35
Аманбанк
32
30
35
48
Бай-Түшүм каржы фонду
-
-
28-46
-
Ишкерликти өнүктүрүү фонду
18-22
-
25
-
Микрокредит берүүчү аттулдук фонд
21
-
21
-
Демиркыргызинтернэшлбанк
-
-
35-45
25-35
Доскредобанк
50
25-30
40
25
Европа реконструк. жана өнүгүү банкы
бизнес-планга жараша
Инексимбанк
Европа банкынын кредиттик линиясы
30-40
24-28
30-40
24-28
Эл аралык өнүгүү ассосац. линиясы
-
ИБОР+9
-
ЛИБОР+9
Кыргызавтобанк
25-35
20-30
25-35
20-30
Айыл чарба финансы корпорациясы
21
-
21
-
Кыргызинвесткредитбанк
21-25
14-18
21-25
14-16
Эл аралык финансы корпорациясы
бизнес-планга жараша
МЕРСИКО
Чакан жана орто бизнес үчүн линия
-
30-35
-
30-35
Аялдарга микрокр. берүү линиясы
-
-
54
-
Германия өнүгүү банкы
-
11(евро)
-
11(евро)
ФИНКА
42
-
42
-
Чакан бизнес боюнча Борбораз. фонд
бизнес-планга жараша
Экобанк
40
28
45
30
Энергобанк
30
25
30
25


Жеңилдетилген шартта кредит берген уюмдардын бири - Ишкерликти өнүктүрүү фонду. Азыр бутка туруп кетти деген ишкерлердин бир тобу учурунда ушул фонддон кредит алып иш башташкан. Айтылуу «Шоро» компаниясы да адегенде кредитти ушул фонддон алган. Фондун кызматкерлери Табылды Эгембердиев алгач болгону 5 миң сом гана кредит алганын айтышат. Фонддун кредит берүү шарттары кандай?

Камила Кененбаевага - Ишкерликти өнүктүрүү фондунун баш директоруна суроо узаттык: - Сиздерден кредит алыш үчүн эмне кылыш керек?

- Жакшынакай бизнес-план түзүш керек. Бизнес-планга жараша, өзүнүн күрөөсү болуш керек. Күрөөгө өзүнүн үй же башка чоң буюмдарын койсо болот. Ошолорду алып келип, биздин кредиттик комиссиядан өтөт.

Суроо: - Фонд канча кредит берет?

- Биз 500 миң сомго чейин бере алабыз. Бул койгон күрөөсүнө жана бизнес-планына жараша болот.

Суроо: - Кредит берүүнүн шарттары кандай? Канча мөөнөткө, кандай үстөк пайыз менен бересиздер?

- Көбүнчө 2 жылга, кээ бир учурда 3-4 жылга чейин беребиз. Анын мөөнөтү бизнестин түрүнө жараша болот. Үстөк пайыз жөнүндө айтсам, ал мисалы, Талас, Нарын жана Баткенде 18 %, Ысыккөл, Жалалабад жана Ошто 20%, Бишкек жана Чүйдө 22%. Бизде он регионалдык бөлүм бар, акчаларды ошол регионалдык бөлүмдөр тарабынан беребиз. Эмне үчүн дегенде элге да жакыныраак болуп, кредит алуучу кыйналбасын дедик.

Алгачкы капиталды топтоонун кредиттен башка жолдору да бар. Мисалы, чет өлкөлөрдө ишкананы акционердик коом кылып түзүп, анын акциясын сатып капитал жыйнашат. Облигация да чыгарып сатышат. Бизде бул реалдуу эмес. Бирок ишкерлик үчүн зарыл имаратты, жарак-жабдыктарды жана башка бир топ нерселерди лизинге же арендага алса болот. Соода кылгандар сатып өткөргөндөн кийин акчасын берем деп товар алышат. Алгачкы капиталды топтоонун дагы бир жолу - бул инвестор табуу.

Төлөндү Тойчубаев, «MNT consulting» компаниясынын жетекчиси:

-Биздин бизнес элдикине караганда башкачараак. «Биз акыл сатабыз» дебедим беле. Ошондуктан бизге көп деле инвестиция кереги жок. Биз үчөөбүз чогулуп болгону бир компьютер, эки стол, төрт табуретка сатып алдык. Ошого көп болсо 1000 доллар кетти. Үчөөбүз 350 доллардан чыгарып бизнести баштаганбыз. Эки жылдан кийин инвестор таптык. Аны чакыруу чоң жумуш. Бирок бул жерде айта кетчү кызык нерсе - инвестор биздин жанагы бир компьютер, эки стол, төрт табуреткабызды жарым миллион долларга баалап туруп, бизге ошого жараша акча чыгарган. Биздин компьютер, стол, табуреткабыз 1000 доллар болсо, калган 499 миң доллар үчөөңөрдүн акылыңар деген.

Кыргыздар адатта иш кылганга акчасы жетпей турса да, болуп калар деп коюп, иш баштай беришет. Бул туура эмес. Акча табылбай калса, иш жүрбөй, киреше түшмөк турсун, салынган акча талаага кетет. Мисалы, айрым дыйкандар жерин айдатканга акча таап, сепкенге акчасы жетпей, таштап салышат. Сепкенге жетсе, аны отоп, сугарганга жетпейт. Өстүрүп алса, чаап, жыйнап ала албайт. Алгачкы капитал баштай турган ишиңизден бир аз ашыгыраак болгону жакшы. Анткени сиз чыгымдарды канчалык так эсептесеңиз да, бир жеринен жаңылып, акча жетпей калышы мүмкүн.

Кыргыздарга мүнөздүү дагы бир жаман нерсе – бул алган акчасын кайтарып бербей коюу. Ишенимден чыксаңыз кийин сизге эч ким акча бербей коюшу мүмкүн. Чыны менен ишкер болом десеңиз алган акчаңызды сүйлөшкөндөй кылып, мөөнөтү менен кайтарып берип жүрүңүз.

Чыныбай Турсунбеков, «Акун» компаниясынын жетекчиси:

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы Нарын областынын Нарын районунда чабандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти бүткөндө, сүрөт сабагынан «4» алып калып, алтын медалга илинбей калган.

Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин 1983-жылы бүтүргөн. Курсташтарынын айтымында, жакшы окуп, университетти кызыл диплом менен аяктаган. Коомдук иштерге активдүү катышчу. Университетти бүткөндөн кийин кафедрада окутуучу, декандын орун басары болуп иштеген.
Чыныбай Турсунбеков ыр жазат. Окумуштуу - филология илимдеринин кандидаты.
Өзүнүн айтымында анын бизнеске кетишине кызматтан бошоп калышы түрткү болгон. Декандын орун басары болуп турганда жетекчилик анын ордун өздөрүнүн тааныштарына алып берүүгө аракет жасашат. Ал бул жөнүндө уккандан кийин өз эрки менен арыз жазып, Кыргызстандын билим берүү министрлигинин өкүлү болуп Түркияга кетип калган. Туркияда бир нече жыл иштегенден кийин ал Кыргызстандын Түркиядагы элчиси деген кызматка дайындалмак болуп, мурдагы ишинен бошонот. Бирок кандайдыр бир себептерден улам элчиликке дайындалбай, кызматсыз калат. Ошондон кийин ал ишкерлик кылууга баш-оту менен өтөт.

Чыныбай Турсунбеков 1997-жылы Түркиядан келгенден кийин «Акун» комнаниясын негиздеген. Акун компаниясы ун жана макорон чыгарат. Анын андан тышкары Ысыккөлдө пансионаты жана курулуш иштерин жүргүзгөн ишканасы бар.


- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир катар коммерциялык банктар менен иштешем. Чындыгын айтканда алардын жазылбаган мыйзамдары бар. Алар өзүлөрүнүн кардарларын тизмелеп, ким ишенимдүү, кимге акча берсе болорун, кимге бербеш керек экендигин билип калышты. Мындайча айтканда, акчаны карыз алып иштеткендер иргелип калдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бутуна турган «Шоро» болобу, же башка фирмалар болобу, баардыгы тең ишкананы өнүктүрүш үчүн, жаңы жабдууларды алыш үчүн кайсы бир жерден ушундай насыя акча алып иштетишет. Бир гана нерсе - алган акчаңды өз учурунда берип, ошол финансы уюмдардын ишеничине кирсең, сенин жолуң ачык болот. Каалаган учурда каалагандай акча аласың. Мен да учурунда Кыргызстандын бир коммерциялык банкына акча берип, ушу күнгө чейин алалбай келем. Мен ал банктын келечеги жок деп ойлой. Эмне үчүн дегенде, ал банк бүгүн мени алдагансып эртең башкаларды алдайт. Мындай нерсе иш чөйрөсүндө жерде калбайт. Бардык ишкер адамдар берген акчаны учурунда аны кайтарып берген адам ишеничтүү экенин билишет. Бул турмуштагыдай эле. Мисалы, кошунаңыз сизден карыз сурап кетип, бербей койсо, сиз ага экинчи карыз бербейсиз. Ал алганын алып келип берип турса, сиз ага ашык акчаңыз болуп турса берип коёсуз. Башкалардын ишенимине ээ болуу - ишкерлер үчүн, өзгөчө акча жаатында өтө чоң артыкчылык.
XS
SM
MD
LG