Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Афинадагы Олимпиадада допингге байланыштуу жаңжалдар уланууда


Бейшембиде төрт кишилик кайыктагы жарышта коло медалды утуп алган Украиналык Олена Олефиренконун анализинен шектүү зат табылгандыктан, байге кайра тартылып алынды. Мажарстандык оор атлетчи анализ тапшыруудан баш тартып, дүйнөлүк мелдештен четтетилди. Кошмо Штаттардын Олимпиадалык комитети президент Жорж Буштун командасынан Олимпиаданын символдору кошулган телерекламаларды пайдаланбоону өтүндү. Ал жарнамада Ооганстан менен Ирактын желектери көрсөтүлүп, диктор ушул эки өлкө демократиялуу болгондуктан, Олимпиадага катышып жатканын жар салат. Эл аралык Олимпия комитети дүйнөлүк мелдешти саясий максаттарга пайдалануудан карманууга үндөдү.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG