Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Румыния Украинанын аракеттерин калыс карап берүүнү өтүнүп, Эл аралык сотко кайрылат


Арызда Украинанын Кара деңиз алдындагы газ жана мунай кендерин иликтөөгө болгон укугун тактап берүү өтүнүчү камтылат. Румыниянын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө андан тышкары Украинадан Дунайдын бөлүнгөн жерине канал курууну токтотуу талап этилет. Румыния Дунайдын куйган жеринин 90%дай аймагын көзөмөлдөйт, калганы Украинага караштуу. Украина кечээ дал ошол жердеги "Быстрое" каналынын курулуш долбоорунун ачылыш аземин өткөргөн. Анда украин президенти Л.Кучма эл аралык экологиялык уюмдарды тынчтандырып, каналдын курулушу айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт деп ишендирген. Дунайдын куйган жериндеги жаратылыш байлыктары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет.

XS
SM
MD
LG