Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Чеченстандын ички иштер министрлиги бетин кара чүмбөт менен жаап алган адамдарга ок ачууга буйрук берди


Ички иштер министри Руслан Алханов коопсуздук кызматкерлерине кайрылып, мыйзамга ылайык аракеттенген адамдар жүзүн жашырбай жүрүшү керек деп белгиледи. Адам укуктарын коргоо уюмдары – түнкү рейддер маалында куралчан, беттерин кара чүмбөт менен жаап алган адамдар айрым үйлөргө кирип барып, кишилерди бейтарап алып кетип жатканын маалымдашкан. Кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Чеченстанда ушул жекшембиде өтө турган президенттик шайлоого байкоочуларын жөнөтпөй турганын билдирди. Уюмдун өкүлү байкоо жүргүзүүгө зарыл шарттар түзүлбөгөнүн белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG