Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

КЫТАЙДЫН “КЫЛЫМ БОРОСУНА” ЖЕТЕРЛИК КАРАЖАТЫ БАРБЫ?


Казакстан эл аралык базарга чыкчу жолдорун дагы кеңейтмек болду. Кытайдын өкмөттүк “Чайна дейли” гезити шаршемби 25-август күнү маалымдаганга караганда, Казакстан менен Кытай 4 миң чакырымдык газ боросун куралы деп макулдашты. Жаңы газ долбоорунун келечеги кандай? Борого жетерлик газ Кытайда же Казакстанда барбы?

Казакстандын Тарым Басын газ кенин Кытайдын батышындагы Синзян автономиялуу провинциясы менен туташтырчу жаңы долбоордун баасы азырынча белгисиз.

Бээжиндин “Чайна дейли” гезити 25-августта кабарлаганга караганда, Борбор Азияны Кытайдын батышы чөлкөмү менен бириктирген жаңы газ боросунун узундугу 4 миң чакырымдан кем болбойт. Көп миллиард долларлык жаңы долбоор ишке ашса, ал аркылуу 12 миллион куб метр көгүлтүр отун Кытайды көздөй жөнөтүлүп турат. Жаңы боро Кытайдын Борбор Азиянын газ кендерине чыгарып, ошол эле учурда өлкөнүн отун энергиясына болгон узак мөөнөттүк керектөөсүн канааттандырууга шарт түзөт.

Бул жыл башынан бери Кытай менен Казакстан ортосунда макулдашылган экинчи чоң долбоор. 2004-жылдын баш ченинде эки тарап 3 миң чакырымдык мунай боросунун экинчи бөлүгүн куралы деп чечишкен. Курулуштун баасы 3 миллиард доллар. Ал пайдаланууга берилсе, Кытайдын экономикасы начар өнүккөн батыш чөлкөмү 20 миллион тонна кара май ала баштайт.

Кытайдын отун булагын кеңейтүү себебин украиналык эксперт Владимир Сапрыкин мындайча түшүндүрөт:

- Кытай акыркы мезгилде отундун негизги түрлөрүн, анын ичинде өзүндө өндүрүлгөн көмүрдү жана сырттан сатып алган мунай-газды керектөөнү бир кыйла көбөйттү. Отундун дүйнөдөгү эң ири керектөөчүлөрүнүн бирине айланды. Ошон үчүн отундун жаңы булактарын издөөдө. Акыркы учурда эң алды Россия жана Казакстан менен келишим түзүүдө же келишим түзмөк болууда.

В.Сапрыкин Киевдеги Разумов атындагы борбордун Отун энергия программасынын директору.

Жаңы курулчу газ боросу, “Чайна дейли” гезитинин жазышынча, келечекте Өзбекстанды жана Түркмөнстанды көздөй тартылып, андан ары Россия менен Иранга чейин жетиши мүмкүн.

Аз эмес каражатты талап кылган бул пландын качан аткарылары белгисиз. Анткен менен, айрым талдоочулар айткандай, Кытай менен Казакстандын ортосундагы соңку келишим жалпы азиялык газ боросу болочокто турмушка ашчу чындык деп үмүттөндүрөт.

Чоң долбоор аны куруп бүткөнгө жетерлик каражатты кимдер берет, анын баасы канча болот, борону толук жүктөгөнгө жетерлик газ Казакстанда барбы, өтө эле узун боро газдын өздүк наркын кымбаттатып жибербейби деген сыяктуу суроолорду азыртан пайда кылууда. Буга киевдик эксперт В.Сапрыкиндин сөзү далил:

- Кытайдын же ортолук Кытайдын Россиянын же Казакстандын мунай-газ кендеринен алыстыгы мунай жана газ боролорунун курулушун кечеңдетет. Ошондуктан, мындай келишимдер болочоктун иши жана 10-15 жылдан кийин бүткөрүлөт.

Талдоочулар Кытай жетекчилигинин 2010-жылга сырттан карай сатып алууну жана жергиликтүү көмүрдү жагууну кыскартуу боюнча бекитилген стратегиялык планды аткаруунун жолун азыртан чаап жатканын оң баалоо менен, Казакстан менен жетишилген соңку келишимдердин ылдам жүзөгө ашырыларына көп ишене беришпейт. Владимир Сапрыкиндин айтышынча:

- Бул көп деле олуттуу план эмес. Себеби, миллиарддаган доллар каражатты талап кылат. Андай акча азыр Кытайда жок. Мындай долбоордун киршелүүлүгү да күмөндүү. Аны чыгашалуу десе да болот.
XS
SM
MD
LG