Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

ПИВОДОН ЧЫККАН ЧУУ


Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргызстандагы “Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коому 25-августта “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынынын өткөрүп, алкогол ичимдиктерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик комиссиянын иш аракеттерин сынга алды. Себеби аталган комиссия “Шымкентпиво” коомуна лицензия берүүнүн ордуна, алардан көлөмдүү суммадагы акча талап кылган.

Маалымат жыйынында "Шымкент" пивосун саткан ишкер ачуу кебин айтты:

- Мен силерге минтет элем: Бул жөн эле коррупциялашкан жемкор мамлекет эмес. Бул - көмүскө кабинетке иштеген адамдардын өлкөсү. Ошол эле "Кыргызалконун" жетекчиси Байызбеков, анын орун басары Иманбеков коркпой-үркпөй эле, «акча төлөгүлө, лицензия беребиз», дейт. Бул иш өкмөттүн экокномикалык иштер боюнча бөлүм башчысына чейин жетти, бирок ал деле эч нерсе чечип бере алган жок,-деди ишкер Александр Лейтин.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык лицензияга болгону 300 сомдон ашуун акча төлөйт экен, ал эми тиешелүү кызматта отурган адамдар «Шымкентпиво» жоопкерчилиги чектелген коомунан чоң көлөмдөгү акча талап кылышкан. Лейтиндин айтымында бир айдын ичинде миңден ашуун адам жумушсуз калды.

Ал эми биз кеп кылып жаткан “Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюшулганына эки жыл болуптур. Казакстандын “Шымкентпиво” компаниясы менен түзгөн келишимдин негизинде Кыргызстанды “Шымкент” пивосу менен камсыз кылып турат. Эки жыл аралыгында республиканын казынасына 61 млн. сом салык төлөгөн. Миңдеген адамдар иш менен камсыз болгон. Казакстан менен биргелешип, пиво заводун крууну пландаштырган. Учурда 1,5 млн. долларлык инвестиция тартып, дагы миңдеген адамдарды иш менен камсыз кылуу пландаштырылган.

Жогорку Кеңеште кабыл алынган алкоголдук ичимдиктерге байланыштуу мыйзамга ылайык “Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстандын спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сактоого көзөмөл мамлекеттик инспекциясынан лицензия ала албай иштери токтогон. Аталган коомдун директору Сыргак Кожомкуловдун айтымында:

- Эмне үчүн биз лицензия ала албайбыз? Анткени алкогол ичимдиктерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Байызбеков Улан айтты "лицензияны 5 минуттун ичинде алууга болот. Бирок биздин сунушубузду аткарып биздин ыкма менен иштешиң керек" деди. Мен "кандай ыкма7" десем, ал мени Эркиндик көчөсүндөгү №39 үйдөгү Кадыр Такаевдин кеңсесине жөнөттү. Мен Такаев менен бетме-бет отуруп сүйлөштүм. Ал айтты "эгер лицензия алгың келсе, пивонун ар бир литринен 3 сомдон төлөйсүң" деди. Демек бул сумма жылына 360 миң доллар өлчөмүндө болот. Мен ал сунуштан баш тарттым. Бөөдө бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына же чөнтөгүнө төлөп бергенден көрө, ошол акчаны мамлекеттин бюджетине төлөп бергеним жакшы. Учурда Кыргызстан менен Казаксатандын чегарасында 10 вагон, супер жүк ташуучу 25 машинедеги товарларыбыз өтпөй кармалып турат. Биз арыз-арманыбызды айтып, президенттин администрациясына, премьер-министрдин аппаратына, акыйкатчыга кайрылдык, бирок биздин арызыбызды эч кимдин уккусу жок, - деди "Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Сыргак Кожомкулов.

Ал эми аталган коомдун директор орун басары Гүлмира Сейтказиеванын айтымында, “Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамдын чегинде лицензия алууга толук укугу бар. Бирок айрым чиновниктердин жеке кызыкчылыгынын кесепетинен аталган коом лицензия алуу укугунан четтетилген. Директордун орун басары бул иш боюнча сотко кайрылышаарын билдирди.

-Биз конституциялык укугубузду коргоп, Кыргызстандын спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сактоого көзөмөл мамлекеттик инспекциясын сотко беребиз, - деди Гүлмира Сейитказиева.

Ал эми Александр Лейтин “Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилбесе “Шымкентпиво” менен келишимдин негизинде иштеп жаткан ишкерлер 31-августта эгемендүүлүк күнүндө өкмөт үйүнүн жанына пикетке чыгаарын билдирди.

“Шымкентпиво” жоопкерчилиги чектелген коомунун мындай кадамга баруу себептерин билүү максатында өкмөттүн экономикалык бөлүмүнө жана алкогол ичимдиктерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик комиссиясына кайрылып, эч бир жооп ала албадык. Учурда алкогол ичимдиктерин көзөмөлдөөчү мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Улан Байызбеков эс алууда экен, ал эми анын орун басары Өмүрбек Иманбеков суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG