Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

“ХИЗБ УТ- ТАХРИРДИН” БОРБОР АЗИЯДАГЫ КАТААЛ ЖОЛУ


1950-жылдары Жакынкы Чыгышта негизделген “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” партиясынын Борбор Азияда пайда болгонуна 10 жылдан ашты. Уюмдун саясый максаты мусулман дүйнөсүндөгү азыркы өкмөттөрдүн ордуна ислам халифатын куруу. “Хизб ут-Тахрир” өз мүдөөсүнө зордук-зомбулуксуз тынчтык жолу менен жетүүнү көздөгөнү менен, Борбор Азия бийликтери анын мүчөлөрүн куугунтуктап, өзүн мыйзамсыз деп жарыялаган.

Акыркы он жылда “Хизб ут-Тахрир” диний уюму жөнүндө Борбор Азияда көп айтылчу болду.
Өткөн кылымдын ортосунда Жакынкы Чыгышта негизделип, бүгүн дүйнөгө кеңири жайылган уюм түпкү максаты тынчтык жолу менен ислам халифатын куруу экенин жашырбайт.

Кээ бир талдоочулар Борбор азиялык өзбек, кыргыз, тажик жана башка жаштардын “Хизб ут-Тахирирге” кошулуусун алардын коомдогу саясый-экономикалык абалга канааттанбаганы жана көз караштарын билдирүүнүн альтернативдүү формасы ирети түшүндүрүшөт.

Эл аралык кризистик топтун Оштогу кеңсесинин башчысы Дэвид Леви “Хизб ут-Тахрирдин” Борбор Азиядагы ишмердүүлүгүн ашыкча баалап жиберүүдөн этият болууга чакырат:

- Уюшма бийликтер айткандай тамырын кеңири жайып кеткен эмес. Түштүк Тажикстанда анын мүчөлөрү камакка алынган. Түндүк Кыргызстанда да алардын камакка алынганы тууралуу маал-маал кабар угулуп калат. Алардын уюткусу Өзбекстанда. Казакстанда анын тарапкерлери көбөйүүдө. Ошондо да, чөлкөмдүн жаштарынын негизги бөлүгүн уюм анча кызыктырбайт.

“Хизб ут-Тахрирдин” террорчулук иштерди жасаганы белгисиз. Анткен менен, Борбор Азия өкмөттөрү уюмду саясый максаты үчүн мыйзамсыз деп тыйган.
Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү К.Бекназаровдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтышынча:

- Жалпылап айтканда, “Хизб ут-Тахрир” жана башка ушул сындуу уюмдар биздин конституцияга каршы. Албетте, биздин өкмөттүн жана Улуттук коопсуздук комитетинин максаты аларга каршы күрөшүү. Бул биздин милдетибиз.

Өзбекстандын түрмөлөрүндө, көз карандысыз булактардын эсеби боюнча, азыр “Хизб ут-Тахрирдин” бери дегенде 5 миң мүчөсү же тарапкери отурат. Өзбек бийликтери жаз айындагы кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти ушул уюшмага жүктөдү. Ал эми “Хизб ут-Тахрирдин” ырасташынча, уюм зобун-зордукка каршы. Кыргызстанда тыйуу салынган уюмдун жалал-абаддык мүчөсү Султан Бадаловдун кеби:

-Исламда кимдир бирөөнү өлтүрүү, мусулман мусулмандын канын төгүүсү арам иш, күнөө эсептелет. Мусулман адам бейкүнөө каапырды да өлтүрүүсү мүмкүн эмес. “Хизб ут-Тахрир” бу канонду өтө бекем тутат.

Соңку жылдары Борбор Азиядагы салттуу диндердин көрүнүктүү мүчөлөрү бийликтердин “Хизб ут-Тахрирге” каршы аракетин ачыктан ачык жактоочу болушту.

Дүйшөмбү шаардык мечиттеринин биринин имамы Сайидбек Бойзода мындай дейт:

- Ырас, “Хизб ут-Тахрир” коомубузга коркунуч туудурууда. Бул диний коркунуч. Себеби алар исламга кызмат кылышпайт. Алар элге коога гана алып келет. “Хизб ут-Тахрирчилер” жамаатты бөлүшкөндүктөн, коом жарылып кетиши ыктымал. Алар исламды беткап катары пайдаланышууда. Алардын сөзү жана аракети исламга эч шай келбейт.

Эксперттердин айтымында, уюмдун халифат куруу максаты куру кыялдыр. Бирок “Хизб ут-Тахрирдин” тарапкерлерин куугунтуктап, абакка салуу уюмду радикалдаштырып, ислам экстремизминин жайылышына өбөлгө түзөрү шексиз.

“Жихад: Борбор Азияда согушчул исламдын жаралышы” деген китептин автору Ахмед Рашиддин пикирине караганда:

-Бийликтердин катуу кысмагы жана саясый жактан активдүү адамдар кадыресе саясый эркиндик жок болгондон улам тымызын жана радикалдуу жолду тандашып, исламчыл топторго кошулушат.
XS
SM
MD
LG