Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

УЛУТКА ЖАРАША ДИН ТУТКАН ТУУРАБЫ?


Султан Раев, Бишкек Акыркы кезде бир динден экинчи динге өтүп кеткен адамдардын тагдыры коомчулуктун кызуу талкуусунда калды. Бул маселеге байкоочулар ар кандай баа берүү менен талаш-тартыштуу маселелердин бар экендигин байма-бай айтып келишет. Башка динге өтүү - бул жеке адамдын эркиби же динди чануубу? Мына ушул кызыктуу маселе кээде диндер аралык кызуу дискуссияны гана эмес, карама-каршылыкты да жаратууда.

Өткөн жылы КООРТ телекөрсөтүүсү мусулман динине өтүп кеткен орус жигит тууралуу телебаян жасап бүт өлкөгө көрсөткөн. Мындай көрүнүштү дайыма кездештире бербеген телекөрүүчүлөргө бул телесюжет өтө кызыгууну жараткан. Ал эми ошол жылы Нарында ичер суусу түгөнүп, акыретке кеткен, бирок башка динге өтүп кеткен кыргыз жигиттин сөөгүн коюуда бир топ чыр-чатактар чыгып, бул башка динге өтүп кеткен, анын сөөгүн мусулмандар менен койгонго болбойт деген карама-каршылыктуу жагдай жаралган.

Башка динге өтүү айрым дин өкүлдөрү тарабынан Мекенди сатып кеткен деңгээлде бааланып, ошол адамдын дарегине ар кандай жарлыктар тагылып келет. Деги эле дин ишенимин адам өзү чечеби же ал Жогортон адамга таңууланган ишенимби? Бул талаш-тартыштуу кырдаал көпчүлүк учурда конфликтүү чекке жетип, кай бир учурда дин менен динди карама-каршы койгон кырдаалга өсүп жетүүдө.

Ырас, өлкөдө өз ишенимине баш уруп, башка диндерге өтүп кеткен жарандар бар экендиги жашыруун эмес. Бирок бул жагдай атайын үгүттөө, же материалдык кызыкчылыктар аркылуу арбоо жолу менен бараткандыгы кандайдыр дин агымдарынын экспанциясы катары бааланууда деп белгилешет байкоочулар. Бул жагдайга Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Наталья Шадрова:

- Башмыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары кайсы динди тутууну кааласа ошол динди тандап алууга толук укугу бар. Азыркы күндө түпкү элдердин арасында христианчылыкка, тескерисинче христиандар исламга өтүп кеткен фактылар кездешет. Кайсы динди тандап алса, ал адамдын өз эрки. Сөзсүз эле кайсы элдин өкүлү болсо, ошол салттуу динди тутуу керек деген туура эмес деп эсептешет алар. Эмне үчүн бизге алардын ишеним чечими жакпашы керек.

Дин тутуу эркиндиги ар бир жарандын өзүнүн жарандык эркиндигинен улам келип чыккан чечим деп айтышат адистер. Адамдын өлкө Башмыйзамы тарабынан берилген укугу барынан жогору деп баалашат кээ бир адистер. Ал эми башка дин агымдарына кирип кеткен адамдарды айыптоого болобу же жокпу. Бул маселе ар бир адамдын абийириндеги гана эмес, ишениминдеги маселе. Бул жагдайга карата ар кандай дин жамааттары тарабынан кайчы пикирлер айтылып келет. Кай бирөөлөр бул процессти башка диндердин ислам динине активдүү кийлигишүүсү катары бааласа, Иисус ишенимине кирип кеткен белгилүү журналист Жаныбек Жанызак өзүнүн чечими тууралуу мындай ойду билдирди:

- Адамдын ишеними, дүйнө таанымы улам кеңейип, чоңойгон сайын өзүнчө калыптанат. Анан ал өзү каалаган динди, дин болбосо ишенимди кабыл алат. Ошонусу менен жашайт. Ошол жашоосу менен тынч коюу керек, мыйзам чегинде гана караш керек ошол адамды, - деди Жаныбек Жанызак.

Ал эми бул тууралуу өз оюн Абжапар ажы:

- Ислам динди тандап алууну адамдын өзүнүн ыктыярына койгон. Себеби Алла Талаа акыл берген инсанга. Баардык Пайгамбарларды жиберген. Алар келип, Алланын буйруктарын так аткара турган болсоңор, эки дүйнөдө бактылуу болосуңар, деди. Ошол Пайгамбарларды уккан коомдор бактылуу болушту, Пайгамбарларды укпаган коомдор бул эки дүйнөдө бактысыз болуп калды.

Азыркы күндө Кыргызстанда 40тан ашуун ар кандай дин агымдары, конфессиялар, уюмдар, ал гана эмес диний багыттагы басма сөз каражаттары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Өлкөнүн ушул таптагы стабилдүүлүгүнө, бейкутчулугуна диний карама-каршылык гана шыкак болушу мүмкүн деп эсептешет айрым байкоочулар. Ошол себептүү бул кыртышта жаралып жаткан проблеманын өзү жеке дин ишмерлеринин гана маселеси эмес, ал мамлекеттик кызыкчылыктагы маселеге айланыш керек деп баалайт коомдук пикир өкүлдөрү.
XS
SM
MD
LG