Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

ОРТО КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ТОТЕМИЗМ ИШЕНИЧИ


Орто кылымдагы кыгыздардын диний түшүнүгү жана жогорку күчкө болгон ишеничтери илимде аз изилденген проблемалардан. Жазма булак маалыматтарынын жетишсиздигинен улам Кыргыз каганатынын калкы кайсыл динге ишенгендиги туурасындагы маселе боюнча түркүн ойлор айтылып келет.

XI кылымдын автору Гардизинин "Зайн ал-ахбар" чыгармасында кыргыз элинин диний түшүнүгү туурасында кызыктуу маалымат келтирилет. Орто кылым ааламынын жазганына караганда "айрым кыргыздар - уйга, кээси - шамалга, үчүнчүсү - кирпичеченге, төртүнчүсү - сагызганга, бешинчиси - кушка, алтынчысы - сулуу жыгачка сыйынышкан".

Эгер, дин туурасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карасак, анда орто кылымдагы кыргыздардын диний ишеничи тотемизмге туура келет.

Илимде тотемизм түшүнүгү делип, коомдук уюшулушу жана чарбалык деңгээли примитивдүү абалдагы уруулук биримдиктер айтылат. "Тотем" термини англис тилине Түндүк Америкадагы индеецтердин тилинен кабыл алынып, ал "менин уругум" деп чечмеленет. Башкача айтканда, чарбалык жана коомдук уюшулушу примитивдүү деңгээлде турган индеецтер, ар кимиси өзүнүн уругун же айбанаттарга, болбосо жыгачтарга байланыштырышкан. Идеологиялык мааниден алганда мындай деңгээлде турган элдер үчүн алардын жаратканы кандайдыр бир айбанаттан башат алып, ал кайсыдыр бир уруунун тотемине айланат делет.

Тотемизм ишеничинде эки тараптуу мамиле орун алат: биринчиси - адамдардын тобу субъект болсо, экинчиси - объект же тотем деп аталат.

Тотемизм ишеничин карманган калктардын дагы бир айырмачылыгы - мындай коомдо экзогамия сакталат, же бир тотемдин ичинде үйлөнүүгө тыюу салынат.

Эгер жогоруда айтылган Гардизинин кыргыздар туурасындагы маалыматын илим талаптарына ылайыкташтырсак, анда орто кылымдагы Кыргыз каганатынын айрым бир этникалык топтору тотемизм ишеничин кармангандыгын билсек болот. "Зайн ал-ахбарда" айтылган айрым кыргыздар - уйга сыйынышат деген маалымат, XIV кылымга таандык кытайдын "Юань ши" жазма булагындагы, кыргыздар кудай менен уйдун жалгашуусунан жаралган деген дарекке үндөшүп кетет.

Анткен менен орто кылымдагы кыргыз коому улам өнүккөн сайын, калктын рух дүйнөсүндө өзгөрүүлөр жүрүп, алар дүйнөлүк диндер менен тааныша башташкан.
XS
SM
MD
LG