Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

КЫЙРАГАН УЧАКТАРДЫН БЕРИ ДЕГЕНДЕ БИРӨӨ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛГА БУТА БОЛГОНБУ?


Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн бүгүнкү айтымында, үстүбүздөгү аптада кыйроого учураган эки жүргүнчү учактын биринен жардыргыч заттын изи табылды. Бүгүн саал мурдараак бир исламдык топ бул жардырууну өз мүчөлөрү уюштургандыгы тууралуу билдирүү таркаткан. Чечен жикчилеринин өкүлү болсо болжолдуу террордук чарага өздөрүнүн тийешеси жоктугун шаршембиде маалымдаган.

Үстүбүздөгү аптанын шейшемби күнү (24-августта) түнгө маал бирдей убакытта кыйроого учураган орусиялык ТУ-154 жана ТУ-134 учактарынын кыйрашынын себептери иликтенүүдө. Ички каттамды жүзөгө ашырып жаткан бул учактардагы 90дөй кишинин эч бири аман калган эмес.

Бүгүн (жума күнү) Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Сергей Игнатченко тергөө иштеринин алгачкы жыйынтыгы тууралуу ИТАР-ТАСС агенттигине билдирип, кыйраган эки учактын жок дегенде бирөөсү террордук чабуулга дуушарланган деген тыянакты жарыялады.

Аталган кызматтын башка бир өкүлү Николай Захаров да бүгүн ушул эле бүтүмдү кабарчыларга тааныштырды:

- ТУ-154 учагынын сыныктарын иликтөө маалында жардыргыч заттын изи табылды. Алгачкы изилдөөдө аныкталгандай, анда гексоген жардыргыч заты болгон. Кошумча экспертизалык иликтөө улантылууда. Берки ТУ-134 учагынын калдыктары да иликтенүүдө. Азырынча андан кандайдыр-бир жаңы натыйжа чыгарыла элек.

Бул кыйраган эки учак тең шейшемби күнү Маскөөдөгү Домодедово аба майданынан учуп чыккан. Алардын бири, ТУ-134, Волгоградды көздөй багыт алып келе жатып, Тула шаарынын жанында кыйроого учураган.

Ал эми Сочи курорт шаарына багыт алган ТУ-154 учагы болсо Ростов-Дон шаарынын жанында кыйроого дуушарланган. Бул учактан кыйроонун алдында шашылыш жардамга чакырган сигнал жерге жиберилген. Мындан тышкары, эки учактын дээрлик бирдей убакытта, кечки саат 11:00дин тегерегинде каргашага кабылышы – алардын кыйрашы террордук чабуулдун натыйжасы болду го деген жоромолдорду жаратты. Анын үстүнө, алдыдагы жекшембиде (29-августта) Чеченстанда маскөөчүл бийлик президенттик шайлоону өткөргөн жаткан. Бул жагдай да ушул саясий өнөктүккө каршы атайын террордук чабуул жасалды го деген шектенүүлөрдү күчөттү.

Бүгүн, августтун 27синде, өзүн «Исламбули кошууну» деп атаган топ «учактарды биздин өкүлдөрүбүз жардырган» деп жарыя кылды. Алар бул иш-чараны Чеченстанда өлтүрүлгөн мусулмандардын өчүн алуу үчүн жасаганбыз деп билдиришти.

Арийне, орусиялык коопсуздук күчтөрү азырынча бул билдирүүгө карата эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Николай Захаровдун айтымында, ушул тапта бир канча киши террордук чабуулга тийешеси бар деп шектелип жатат:

- Федералдык коопсуздук кызматы жүргүзгөн тергөө иштеринин натыйжасында террордук иш-чараны жүзөгө ашырууга тийешеси бар деп шектелген кишилердин тобу такталды.

Ал эми чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадовдун басма сөз өкүлү Ахмед Закаев «Азаттык» үчүн шаршемби күнү курган маегинде бул жүргүнчү учактардын кыйрашынын себептери иликтене электе эле айрым маалымат каражаттары террорчулук үчүн жоопкер катары жикчи чечендерге ишаара кылганын сынга алып, мындай жоромолдорду төгүнгө чыгарды:

- Мен расмий түрдө билдирүү жасагым келет: бул иш-чарага президент Масхадовдун да, ушул тапта Чечен жумуриятында орусиялык баскынчы аскерлерге каршы согуш жүргүзүп жаткан чечен жетекчилигинин да эч тийешеси жок.

Айрым соңку кабарларга караганда, тергөөчүлөр фамилиясы чечендердикине окшош болгон эки жүргүнчү айымдын чоо-жайын тактоого далаалаттанууда. Кыйраган эки учактагы бул айымдарды азырынча эч бир жакын тууганы издеп келбегендиги маалымдалды.

XS
SM
MD
LG