Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына карата Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө


ОШ. 27-августтан баштан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат абалына өттү. Өзбекстан менен чектешкен Сүрөташ, Достук, Аравансай аймактарына кошумча милиция бекеттери коюлду. Бүгүнкү күндө эл көп топтолгон жерлер, майрамдык иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар, өзгөчө, мамлекеттик көзөмөлдөгү мекемелер жана эл аралык уюмдардын имараттары күчөтүлгөн кайтарууга алынууда. Мындан сырткары коомдук тартипти сактоо, коопсуздук чараларын камсыз кылуу иш-чараларынын алкагында "Тартип", "Издөө" жана "Арсенал" деген шарттуу аталышта атайын операциялар өткөрүлүүдө. Мындай маалымат бүгүн Ош облустук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевден алынды.

XS
SM
MD
LG