Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Чет элдик уюмдардын колдоосу менен конференция өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Ыссыккөл обласынын Чолпоната шаарында «Жарандык коом институттары жана шайлоо» аттуу эки күндүк конференция башталды. Анда шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын катышуусу, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн мыйзамдуу негиздери, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жолдору жана талапкерлердин укуктары, шайлоо кампаниясында үгүт иштерин жүргүзүү жана массалык маалымат каражаттарынын шайлоо кампаниясына катышуу этикалары тууралуу маселелер талкууланууда. Жыйынга саясий партия, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Конференция ЕККУ, Борбордук шайлоо комиссиясы, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы тарабынан уюштурулду.

XS
SM
MD
LG