Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Аскар Айтматов Астана отурумуна барат


БИШКЕК. 28-августта Астанада Борбор Азия кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отуруму болот. Министрлер быйыл майда өткөн Астана саммитинде жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулап, эл аралык саясат жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашат. Ушул эле өңүттө Ооганстан маселеси да талкууланат. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча Борбор Азия кызматташтык уюмунун Астана отурумуна министр Аскар Айтматов катышмакчы. Борбор Азия кызматташтык уюму отурумунун алкагында мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери «Борбор Азия-Жапония» саясий диологун негиздөө боюнча пикир алмашат. Ага Жапониянын Борбор Азияны кыдырып жүргөн тышкы иштер министри Йорико Кавагучи айым да катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG