Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Эл аралык мелдешке төрт өлкөдөн көкбөрүчүлөр катышууда


БИШКЕК. Президенттин кубогу үчүн кечээ Бишкекте башталган 5-эл аралык көкбөрү мелдеши бүгүн уланды. Бул күнү тажикстандык команда кытайлык көкбөрүчүлөрдү, казакстандык команда кыргызстандык экинчи топтогу көкбөрүчүлөрдү бирдей 7:1 эсебинде утушту. Алгачкы күнү болсо казакстандыктар алтайлыктарды 18:1 эсебинде, Кыргызстандын биринчи командасы кытайлык көкбөрүчүлөрдү 20:1 эсебинде утушкан. Мелдешке Россиянын Алтай аймагынан, Кытайдын Кызылсуу автоном облусунан, Тажикстандан жана Кыргызстандан көкбөрүчүлөр катышууда. Мелдештин жыйынтыгы 31-август - эгемендүүлүк күнү чыгарылып, анда президент Аскар Акаев жеңүүчүгө кубок тапшырары болжолдонууда. Мелдешти Эл аралык "Көкбөрү" федерациясы менен туризм, спорт жана жаштар комитети уюштурууда. Уюштуруучулар мааракеге арналган мелдешти өткөрүүгө 2,5 миллион сом чыгымдалып жатканын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG