Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Террорчу деп соттолгондордун өкүмү күчүндө калды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту террорчу деп соттолгондордун апелляциялык арызын карап, Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Райондук сот ишти антитеррордук коалициянын Ганси авиабазасын жардыруу аракетин кылган деп Улуттук Коопсуздук кызматы таккан айыптын негизинде караган. Райондук сот айыпталуучуларды 10 жылдан 13 жылга чейин кескендиги тууралуу өкүмдү быйыл 23-апрелде чыгарган. Бул чечим адилетсиз болду деп эсептеген казакстандык бир, кыргызстандык үч атуул Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон. Соттолуучулар Улуттук коопсуздук кызматынын койгон күнөөсүн кандайдыр бир саясий кызыкчылыкка байланыштуу ойлонуп табылган жасалма айып деп карашат. Алардын апелляциялык арызынын негизинде өз чечимин Бишкек шаардык соту төрт айдан кийин чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG