Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:24

Темирбек Акматалиевдин үйүн көздөй ок атылды


ОШ. Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиевдин батирин көздөй белгисиз адамдар тарабынан ок атылган. Бул окуя тууралуу министр бүгүн шашылыш өткөн маалымат жыйынында билдирди. Окуя учурунда үйдө эч ким болгон эмес. Ок көзөп өткөн балкондун айнектерин министр өзү түштөн кийин гана байкаган. Эксперттердин айтымында, ок "Макаров" тапанчасынан болжол менен 50-60 метр алыстыктан атылган. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми министр ок атууга жеткидей касташтары жок экенин билдирди. Министрдин пикирдештери болсо бул окуяны Темирбек Акматалиевди коркуткусу келген анын саясий атаандаштарынын аракети болушу мүмкүн деп баалашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG