Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Олимпиада жаңылыктары


Афинада уланып жаткан жеңил атлетикадагы 50 чакырымга желип баруу мелдешинде алтын медалды польшалык спортчу Роберт Корженевски утуп алды. Ал эми күмүш жана коло медалдары орусиялык жөө күлүктөр Денис Нижегородов менен Алексей Воеводинге ыйгарылды.

Ал эми орусиялык жөө күлүк Антон Галкин допинг-текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде Олимпиада оюндарынан четтетилди. Анткени доктурлар Галкиндин канынан кубатты көбөйтүүчү дарыны таап алышкан. Эларалык Олимпиада комитетинин вице-президенти Виталий Смирновдун айтымында, 6 күн мурда 400 метрге чуркоо боюнча өткөн чейрек финалдан кийин Галкиндин денесинен шектүү дары табылган.

Мелдеште орусиялык жөө күлүк төртүнчү болуп маарага келген жана финалга чыга алган эмес. Ошентип, Антон Галкин Афинадагы олимпиада оюндарында допинг текшерүүдөн кулаган жыйырманчы, ал эми орусиялык спортчулар арасында үчүнчү атлет болуп калды. Буга чейин орусиялык спортчулар Ирина Коржаненко жана Альбина Комич да допинг-текшерүүдөн өтө алышкан эмес.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG