Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Молдова Днестр боюн өзүнө кошууну кааларын дагы бир ирет жарыялады


Бүгүн Молдовада “республика күнү” салтанаттуу белгиленип жатат. Бул майрамга арналган иш-чарада өлкөнүн президенти Владимир Воронин өзүн Молдовадан көз карандысыз республика деп бөлүнүп кеткен Днестр боюн кайрадан өлкөгө кошуу үчүн жүргөн сүйлөшүүлөр аяктаганын жарыялады.

Өз сөзүндө президент эми “анын өкмөтү Днестр бою автономиясынын лидерлерин колдогон агенттиктер менен гана сүйлөшөөрүн” баса белгиледи. Ошол эле учурда Воронин Днестр аймагынын жетекчилигин сындап, “облус полициялык мамлекетке айланды” деди.

Негизи, Молдова президенти Днестр боюн өлкөнүн калган бөлүгүнө кошуу маселесин анын ички саясатындагы башкы проблема экендигин жашырбайт.

XS
SM
MD
LG