Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Нажафта тынчтык ыры ырдала баштады


Ирактын Нажаф шаарында 3 аптага созулган аткылашуу учурунда радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын куралчан адамдары имам Алинин мечитинде жашынып турушкан эле. Ал жерден келип түшкөн акыркы маалыматтарга караганда, ушул тапта алар мечиттин ачкычтарын шийилердин диний башчысы Али ас-Систаниге тапшырышты жана ал жерден кетишти. Бүгүн эртең менен Ирактын он миңдеген жашоочулары имам Алинин мечитине агылып келип, тынчтык ырларын ырдап жатышты.

- “Тынчтык сиздин колуңузда! Имам Али, сиз - Кудайга ишенгендердин ханзаадасысыз! – деген ырлар жаңырып турду.

Кечээ кечинде ас-Систани Моктада ас-Садрды кан төгүүнү токтотууга көндүргөн. Алар кабыл алган келишим Ирактын утурумдук өкмөтү тарабынан жактырылды. Аталган келишимге ылайык чет элдик куралдуу күчтөр Нажафты бошотуулары керек, ал эми шаарга көзөмөл жүргүзүү милдети жергиликтүү полицияга өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG