Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

Авиакырсыктан террордун изи шектелүүдө


Орусиядагы Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Николай Захаров шейшембиде авиакырсыкка учураган эки учактын бири - Ту-154түн - кыйраган калдыктарынан жардыргыч заттын издери табылганын кабарлады. Изилдөөлөр берип жаткан алгачкы маалыматтарга ылайык, бул жардыргыч зат гексогенге окшош.

46 жүргүнчүнү жүктөп, Москвадан Сочиге карай жол алган бул учак шейшембиде кырсыкка учураган. Ошол эле күнү Москва-Волгоград багытын көздөй абага көтөрүлгөн ТУ-134 учагы да Орусиянын түштүгүнө кулап түшкөн. Азырынча анын калдыктарын изилдөө олуттуу жыйынтыктарды бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG