Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

РЕСПУБЛИКАЧЫЛАРДЫН КУРУЛТАЙЫН ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР КОШТООРУ КҮТҮЛҮҮДӨ


Алдыдагы дүйшөмбүдө АКШда бийликтеги республикачылардын төрт күндүк курултайы башталган жатат. Нью-Йорк шаарында өтүүчү курултайда азыркы президент Жорж Буш расмий түрдө Республикалык партиянын атынан ноябрдагы президенттик шайлоого талапкер болуп бекитилет. Демократиялык партиянын өткөн айдагы курултайы сыяктуу эле республикачылардын жыйынында да тышкы саясат менен улуттук коопсуздукка байланышкан маселелер басымдуулук кылмакчы. Бирок курултай алдында жана ал жүрүп жаткан кезде Нью-Йорктун көчөлөрүндө демонстрациялар өтөөрү күтүлүүдө.

АКШнын Республикалык партиясы адатта демократтарды колдоп келген Нью-Йорк шаарында өз курултайын алгачкы ирээт өткөрүүдө. Бул жерден шайланма кызматка келген республикачылардын баары, анын ичин Нью-Йорктун азыркы губернатору менен мэри да партиянын туруктуу мүчөсүнө караганда, көбүрөөк либерал же байыстуу өкүлдөрүнөн.

Төрт күнгө созулуучу курултайда сүйлөөчүлөрдүн арасында республикачылардын көрүнүктүү ишмерлери: сенатор Жон Маккейн, Нью –Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиани, Калифорния штатынын азыркы губернатору, белгилүү киноактер Арнольд Шварценеггр жана башкалар бар. Президент жана талапкер Жорж Буш курултайдын жыйынтыктоочу күнү, бейшембиде сөз алмакчы.
Ал эми ораторлордун баары өз сөздөрүндө Нью-Йорк шаарынын 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактар учурундагы борбордук ордуна жана президент Буш тарабынан көрүлгөн катаал чараларга көңүл бурары күтүлүүдө.

Президент Буштун мурдагы спичрайтери же сөзүн жазган Девид Фрамдын айтымында, республикачылардын курултайды Нью-Йоркто өткөрүү жөнүндөгү чечими 11-сентябрь окуяларынан кийин айныксыз болгон. Анын пикиринде бул шаардын америкалыктар үчүн символдук мааниси чоң:

-Нью-Йорк Американы дүйнөгө мурда болуп көргөндөгүдөн да көбүрөөк символдоштурат. Бүткүл дүйнө курултайды көрөт жана менимче демонстранттар да өздөрүн жакшы алып жүрөт. Дүйнө демократия эмнени туюндурарын көрөт. Бул жерде нааразылык билдиргендер да болмокчу.

Айткандай эле курултай алдында жана ал жүрүп жаткан кезде Нью-Йоркто түрдүү демонстрациялар өтөөрү белгиленген. Шаар бийликтери тарабынан демонстрация өткөргүсү келгендердин 30тай тобуна уруксат берилди. Алардын арасында дин адамдарынын чакан топторунан баштап, 200 миңден ашуун кишини чогулткандар да болоору күтүлүүдө. Маселен уюштуруучулардын айтымында, согушка каршы демонстрацияга алдыдагы жекшембиде 250 миңдей адам жыйналат. Алар республикачылардын курултайы өтүүчү жайды көздөй жүрүш жасашмакчы. Нью-Йорк штатынын соту согушка каршы демонстрацияны уюштуруп жаткан топко нааразылык акциясын шаардын борбордук паркында өткөрүү өтүнүчүн демонстранттар газондорго зыян келтирет деген жүйөө менен четке какты.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары президент Буш жана анын Демократиялык партиядагы атаандашы Жон Керри калк арасындагы бедели боюнча бири экинчисине куйрук улаш келе жатканын көргөзүүдө.

Ирактагы согушка каршылык жана президент Буш террор коркунучуна карата көргөн чаралар - республикачыл жана демократ шайлоочулардын ортосуна шынаа каккан маселелерден. Виржиния университетинин сасат таануу боюнча адиси Ларри Сабатонун пикиринде, ушул себептен улам Республикалык партиянын быйылкы курултай көп деле айырмачылык алып келбеши мүмкүн:

-Президент Буш электоратты бөлүп койду. Сиз Бушту колдойсуз жана анын кайра шайланышы үчүн добуш бересиз же Бушка каршысыз жана Демократиялык партиянын талапкери үчүн добуш берген жатасыз. Андыктан, бул жерде курултайдын таасири тийе тургандай көп деле нерсе жок. Балким, чын эле бир чечимге келе электердин саны 5-7%дын эле тегерегинде.

Ларри Сабатонун пикиринде, курултайга караганда талапкелер Буш менен Керринин келерки айдан башталучу үч дебатынын мааниси көбүрөөк болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG