Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

ЖОРЖ БУШТУН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮ ТУУРАЛУУ АМЕРИКАЛЫК КООМ ЭКИ АНЖЫ


Нарын АЙЫП, Прага 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого АКШнын Демократиялык партиясы сенатор Жон Керрини көрсөттү, Республикалык партия болсо азыркы президент Жорж Бушту атап жатат. Буштун төрт жылдык биринчи президенттик мөөнөтү учурунда америкалыктар экиге бөлүндү жана байкоочулардын пикиринде, коомдо мынчалык карама-каршылык көптөн бери болгон эмес.

Акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда, АКШнын шайлоочулары Буш менен Керрини колдогон эки тарап болуп туура экиге бөлүндү, бирок беш пайызга жакын адам азырынча өз турумун аныктай элек. Көп жылдардан бери америкалык коом экиге мынчалык катуу бөлүнгөн эмес.

Шайлоочулар менен август айында жолукканда, президент Буш өзүн өзү мактап, согуш учурунда өлкөнү андан жакшы жетектей турган адам жок экенин айтты: "Мен ойлойм, террорго каршы согуш учурунда өлкөнү ким жетектеген жакшы экенин биз талкуулаш керекпиз. Жана мен Америка элин ишендирүүгө аракеттенип жатам - террорго каршы согуш уланып жаткан учурда өлкөнү жетектөөнү мен улантыш керекмин. Менин оюмча, биз алдыга караш керекпиз, артка эмес".

Демократиялык партиянын июлда өткөн курултайында болсо өлкөнүн мурдагы президенти Жимми Картер президент Бушту катуу сынга алып, 2001-жылдагы террордук чабуулдардан кийин бүткүл дүйнө Америка тарапта болчу, бирок Буштун опурталдуу аракеттеринен улам андай артыкчылык үч жылдын ичинде дээрлик жоголду деп билдирди: "Америка Кошмо Штаттары шерик мамлекеттердин жүзүн өзүнөн артка бурду жана алдын ала согуш баштоо стратегиясын жарыялоо менен, аны каалабаса дагы, өз душмандарын ыраазы кылды".

Чындап эле, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы террордук чабуулдар жасалганда, бүткүл дүйнө Американы колдогон жана президент Буш ал тууралуу 20-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө өзгөчө белгилеген: "Биздин улуттук гимндин Лондондогу Бакингем сарайында, Париж көчөлөрүндө, Берлиндин Бранденбург дарбазасынын алдында ойнолгонун Америка эч качан унутпайт. Түштүк Кореянын балдары Сеулдагы биздин элчилик алдына келгенин, Каир мечитинде чогулгандар бизге колдоо көрсөткөнүн да биз унутпайбыз. Австралия, Африка жана Латин Америкасында аза күтүү күндөрү жарыяланганы дагы эч качан унутулбайт".

Ооганстанды ал кезде бийлеген талибдерге каршы ошол эле жылдын октябрында АКШ согуш жарыялаганда дагы Европа мамлекеттери аны колдоп, "ал-Каида" террордук уюмуна каршы күрөшкө өз салымын кошкон. Бирок андан кийин абал акырындап өзгөрө баштады. Атмосферага уулуу газдардын чыгарылышын чектөө боюнча Киото протоколун бекитүүдөн Буштун өкмөтү баш тартты, андан соң Эл аралык кылмыш сотун түзүү демилгесин дагы колдогон жок жана андан кийин 1972-жылы кол коюлган Стратегиялык куралдарды чектөө келишиминен 2001-жылдын декабрында Вашингтон бир тараптуу чыгып кетти.

Бирок Алмания менен Франция сыяктуу Европа мамлекеттери өзгөчө Вашингтондун Ирак согушуна каршы чыкты жана андан пайда болгон карама-каршылыктар эмгиче жоюла элек. Согушка - Ирактын кеңири кыруучу куралга ээ жана ал куралды Багдад кыска мөөнөт ичинде пайдаланып жибериши мүмкүн деген ой негизги себеп болгон, бирок андай куралдын издери Иракта табылган жок. Үстүбүздөгү жылдын августунда болсо президент Буш - согуштан кийин Ирактагы абалды калыпка келтирүү жараянында дагы ката кетирилгенин моюнга алды. Мындай окуялар АКШда азыр кеңири талкууга алынууда жана америкалык коом бүгүнкү күндө Буштун биринчи президенттик мөөнөтү тууралуу эки анжы.
XS
SM
MD
LG