ЖАЛАЛАБАД. Облуста күйүүчү майлардын баасы 1-2 сомго кымбаттады. Автоунааларды май менен камсыз кылуучу түйүндөр А-80 маркасындагы бензинди литрин 16 сом 90 тыйынга, ал эми А-93 тибиндеги күйүүчү майды 19 сомго сатууда. Тоолуу Чаткал жана Тогузторо райондорунда бензин 21-22 сомдон. Облуста мунай өндүрүүчү Кыргызнефтегаз акционердик коом менен беш жүз миң тонна кара май иштетүүчү Кыргыз-Канадалык ишкана май менен камсыздабаганына коомчулук түрдүү пикирде. Облбийликтин маалыматы боюнча Кыргызнефтегаз коому жылына 705 миң тонна нефти өндүрөт. Кыргыз-Канада ишканасы мүмкүнчүлүн 20 пайыз иштетет. Орусия, Казакстандан келген майга жол акысы кошулууда.