Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Азия Өнүгүү Банкынын Чыгыш жана Борбор Азиядагы жетекчиси келет


БИШКЕК. Келерки аптанын этегинде Азия Өнүгүү Банкынын Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин башкы директору Мухамад Тусним Кыргызстанга иш сапары менен келери болжолдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан билдиришти. Мухамад Тусним иш сапарынын учурунда Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери менен эки тараптуу жана көп тараптуу бир катар жолугушууларга катышып, Азия Өнүгүү Банкы менен Кыргызстандын буга чейинки кызматташтыгын жана кызматташтыктын стратегиялык багыттарын талкуулашары күтүлүүдө. Буга чейин Кыргызстанга июнь айынын башында Азия өнүгүү Банкынын Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Сатиш Рао келип кеткен.

XS
SM
MD
LG