Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Финкомпанияны алдагандардын ишин тартип коргоо кызматтары териштирүүдө


БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкынын Коррупцияга каршы күрөш боюнча Кыргызстандагы көзөмөл комитети кредиттик 21 бирикмеге жана 41 адамга аталган Банк менен кызматташууга тыюу салды. Буга «Айылдагы каржы институт-мекемелери» деген аталыштагы долбоордун алкагында кредит алгандардын алдамчылыкка барышы негиз берди. Улуттук Банктын маалыматына караганда, мындай алдамчылык аракеттерди Өнүгүү Банкынын колдоосу менен түзүлгөн Улуттук Банктын алдындагы кредиттик бирикмелерди өнүктүрүү жана колдоо боюнча каржылык компания таап чыккан. Текшерүү учурунда айрым кредиттик бирикмелерде жасалма мүчөлөр катталып, жасалма финансылык маалыматтарга жол берилгени аныкталган. Финансылык тартип бузууларга байланыштуу Улуттук Банк 41 адамга байланышкан маалыматтарды тартип коргоо кызматтарына тапшырды, ал эми 4 адам сот жообуна тартылды.

XS
SM
MD
LG