Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Ош-Бишкек авто жолу маал-маалы менен жабылат


БИШКЕК. 27-августан тарта Ош-Бишкек авто жолунун 85-чакырымынан 426-чакырымына чейинки бөлүгү маал-маалы менен кыска убакытка жабылат. Мындай иш чаралар таш кулай турган коркунучу бар жерлерди көчүрүп, кайрадан тазалоо менен байланыштуу. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жол тазалоо иш чаралары үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрына чейин улантылат. 27-августан 10-сентябрга чейин Ош-Бишкек жолунун 85-чакырымынан 145-чакырымына чейинки бөлүгү ал эми 10-сентябрдан 25-сентябрга чейин 412-чакырымдан 428-чакырымга чейинки жолдо тазалоо иш чаралары жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG