Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Жаштардын спорт борбору ачылды


БИШКЕК. Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жаштардын 3800 орундуу спорт борбору калыбына келтирилди. Мындай маалыматты ЮСАИД уюмунун колдоосунда иштеген «Кош аракет» аттуу коомдук демилгелерге көмөктөшүү программасынын кеңсесинен кабарлашты. Өзбекстан менен Кыргызстан жаштарынын аймактык мелдештерин өткөрүүнү шарттаган бул спорттук борборду калыбына келтирүүгө коомдук демилгелерге көмөктөшүү долбоору колдоо көрсөттү. Ал эми чыгымдалган каражаттын 15975 долларын Мырзаке, Достук, Учар айылдарынын тургундары менен жергиликтүү бийлик чогултту. Бул жалпы чыгымдын 25 пайызын түзөт. «Кош аракет» программасы Ош, Баткен, Жалалабад облустарындагы 30 шаар-кыштак менен кызматташат. Ал эми аталган спорттук борбор бүгүн ачылып, ага президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик жетекчилер катышышты.

XS
SM
MD
LG