Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Новосибирск шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылат


БИШКЕК. Жакын арада Орусиянын Новосибирск обласында Кыргызстандын консулдугу ачылат. Мындай токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков кол койгондугун Орсиянын маалымат агенттиктери ишембиде кабарлашты. Орусиянын өкмөт башчысынын токтомуна ылайык Новосибирск областык акимчилиги Кыргызстандын консулдугун жайгаштырууга жетишээрлик жер участогун жана имаарат бөлүп берүүгө милдеттендирилген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тастыктап, Новосибирск обласындагы консулдук эки өлкөнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык ачылып жаткандыгын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG