Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

ПАУЭЛЛ ОЛИМПИЯДАНЫН ЖАБЫЛЫШЫНА КАТЫШПАЙТ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл капысынан Олимпияданын жабылыш аземина катышуудан баш тартты. Грециядагы спорт мелдештери ушул жекшембиде аяктап жатат. Пауэлдин бул чечимине жума-ишемби күндөрдөгү Афиныда өткөн анти-америкачыл демонстрациялар таасир этти окшойт. Бирок Мамдепартамент ортодо байланыш жок деген билдирүү таркатты.

Пауэлдин келишине каршы демонстрациялар Грециянын баш калаасында жума күнү башталып, ишембиде да уланды.

Жума күнү 1 жарым миңдей киши Афинынын көчөлөрүнө чыкты. Алар АКШнын тышкы саясатын, айрыкча Ирактагы абалды айыпташты. Полиция аларды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. 100 чакты демонстрант АКШнын элчилигин курчап турган тосмолорду бузуп өтүүгө аракеттеништи эле, полиция алардын жолун бөгөп калды.

Пауэл мына келет, ана келет деп жаткан ишемби күнү Грециянын Коммунисттик партиясынын активисттери Афиныдагы Акрополис турган дөңсөөгө "Пауэл кан ичкич, үйүнө кет!" деп бадырайта жазылган жазууну илишти. Пауэл келбей калтыр деген сөз тарагандан кийин, жазууну алып салышты.

Коммунисттик партиянын грек парламентиндеги депутаты Антонис Клилакос гректердин басымдуу көпчүлүгү Ирактагы жана Палестинадагы кылмыштарга нааразы экендигин белгиледи. Пауэл келгенде демонстранттар Афины университетинин эски жатаканасынан жолго чыгып, АКШнын элчилигине чейин жүрүш жасашмак. Пауэл жекшембиде Грециянын өкмөт башчысы Костас Караманлис менен жолугуп, кечинде Афины олимпиядасынын жабылыш аземине катышат деп күтүлүп жаткан.

Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Куртис Купер Пауэлдин Афиныга барбоо чечиминин анти-америкалык акциялар менен байланышы жок деп билдирди. Ал эми Грециянын тышкы иштер министри Пауэлдин "Вашингтондогу чукул иштерден улам келе албай калдым" деп айтканын маалымдады. Грециянын тышкы иштер министрлиги Пауэл Афиныга октябрда келе турган болгонун бышыктады.

Демонстранттардын бири Пауэлдин келбей калганына кубанганын жашырган жок:

- Пауэлдин Афиныга келбей калганы жакшы болду. Пауэлдин эми октябрда келээрин уктук, Греция Иракка аскер жиберет болуш керек. Биз мында АКШнын жана Европа Шериктештигине кирген Грециянын саясатына каршы, Ирактагы Югославиядагы, дүйнөнүн башка жактарындагы согуштарга каршы демонстрация өткөрүп жатабыз.

Эл аралык Олимпия комитети Пауэлдин Грецияга келбей калышы боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок. Жума күнү АКШнын өзүндө президент Бушка каршы демонстрация болгон эле. Нью-Йорктун Мадисон аянтына жакын көчөлөргө велосипед минген миңдеген киши толуп кетти. Медисон аянтынын сая багы учурда дүйшөмбү күнү башталуучу Республикачыл партиянын курултайына даярдалып жатат. Тынчтык ураандарын чакырып, көйнөктөрүнө Бушка каршы жазууларды жазып алгандемонстранттар жол кыймылын үзгүлтүккө учуратып, машина айдоочуларды сөзгө тартууга аракеттеништи. Нью-Йорктун полициячы 250 кишини камакка алды. Тынчтык жана Акыйкаттык үчүн күрөшкөн пацифицтик уюм камакка алуунун эч кандай зарылчылыгы жок болчу деп, шаар полициясын сынга алды. Республикачылардын курултайы мезгилинде дагы жаңы нааразылык акциялары болот деп күтүлүүдө. Курултайда республикачылар ноярдагы шайлоого президент Жорж Буштун талапкердигин көрсөтүшөт.

XS
SM
MD
LG