Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВДИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ АТАЙЫН ИШ САПАРЫ


Кожогелди Култегин, Ош Алатоо маалымат програмассында айтылгандай, 28-август күнү Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев Ош облусунда атайын иш сапары менен болду. Иш сапардын олуттуу окуясы катары жазгы жер көчкү кыйраканынан улам коопсуз чөлкөмдөргө көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн жаңы курулган Манас жана Кайнама кыштакчаларынын ачылыш аземине президенттин катышуусун белгилөөгө болот.

Ошентип президент Аскар Акаевдин кезектеги эс алуусунан кийинки биринчи жумуш күнү Карасуу районундагы Каттаталдык айыл өкмөтүнө караштуу жаңы курулган Манас айылын ачуу менен башталды. Бул аймакка беш окуучунун өмүрүн кыйган жер көчкү кыйраканынан кийин жыйырма сегиз үй-бүлө көчүп келип үй салган. Балдарынан ажыраган 4 үй-бүлөгө кайтарымсыз ссуда, калгандарына узак мөөнөттө төлөнчү ссуда берилген. Президент өз сөзүндө манастыктарды жаңы айылдын бүтүшү жана алдыдагы эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады:

- Быйылкы жылы өткөн жылдардагыдай эле табигый кырсыктарга учурап алтын адамдарыбыздан ажырап калдык. Эгемендүүлүк улуу майрамдын алдында биздин убадабыз ишке ашып, жаңы конушта татынакай шаарча пайда болуптур. Жаңы типтеги үйлөр сапаттуу салыныптыр. Кээ бир үй-бүлөдө экиден бала кайтыш болду. Сабырдуулук кылгыла. Мен сиздердин чечимиңерге абдан кубанычтамын, ушул айылды Манас айылы деп атапсыздар. Бул аркылуу эки баладан ажыраган үй-бүлөнүн улуу баласынын ысмы сакталып калат экен, кичүү баласынын атынан Азамат көчөсү деп көчөгө жакшы ат коюптурсуздар. Бул дагы абдан жакшы жөрөлгө, кыргыздын байыркы салттарына абдан туура келген иш жасапсыздар.

Президент Аскар Акаев белгилегендей Карасөгөттөн көчүп келгендер эң оор кайгы тарткан. Эки уулунан ажыраган Сулайманов Ибраимдин эки баласынын атынан айылдын да, көчөнүн да атын коюшкан. Бирок бул жерден президент кичине жаңылып калды, Ибраимдин кичүү баласы Манас, улуу баласы Азамат болгон.

Жаңы курулган Манас айылынын тургундарынын атынан президентке ыраазычылык билдирип сүйлөгөн Сатыбек Токторов Аскар Акаевдин Кыргызстанга түбөлүк президент болушун каалады:

- Жүргүзгөн саясатыңызды колдоо менен бирге кыргыз журтчулугунун келечеги үчүн түбөлүккө президент болушуңузду каалайбыз.

Бул кол чабуулар трибунанын, микрофондун жанында турган Аскар Акаевдин жанжөөкөрлөрүнө таандык. Президент Аскар Акаев ошондой эле отуз төрт адамдын өмүрү кыйылган Алай районунун Буудайлык айыл өкмөтүндөгү Кайнама айылынын тургундары көчүрүлгөн Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү Кайнама айылынын тургундары менен да жолугушту. Элүү бир кыштак түшкөн жаңы айылды президент дароо эле шаар, шаарча деп атады:

- Өзүнчө эле шаар болуптур. Жаркырап, заңгырап бүткөн Кайнама шаарчасы куттуу болсун. Жүзүбүз жарык. Бүгүн мен келип кыдырып көрүп, бир нече үйгө кирип абдан зор кубанычта болдум. Үйлөрдүн баары жаңы проект менен сапаттуу материалдар менен курулуптур. Биз убада бергенбиз 13 үй-бүлөгө бекер үй куруп беребиз деп. Толук бүттү Кудай буюрса. Мындан ары Кайнама шаарчасы деп койсок болот.

Кыргыз өкмөтү тарабынан бул айылда 13 эмес, 12 үй бекер курулган. Кайнамалык айыл аксакаладардын атынан сүйлөгөн Аалыбай Зулпукаров айрым маселелерди президенттин алдында ачык айтты:

- Биринчи сурооюбуз, Карасуунун суусунан ичип, үлүш жерибизден 110 километр алыс калдык, кантип жашайбыз, балдарыбызды, үй-бүлөнү кантип багабыз. Экинчи сурообуз, 200 миң сомду кармабай жүргөн адамга өтө көп көрүнөт экен. курулуш материалдары өтө кымбаттап кетти, көпчүлүгүбүз усталарыбыздан кутула албай турабыз. Үчүнчүсү, дөңдө тогуз жылдык мектеп бар экен. Бизде жүз элүүгө жакын бала окуйт, мектепти он бир жылдык кылып ачып берсеңиз жакшы болот эле.

Аалыбай Зулпукаровдун сөзүнө Ош облусунун губернатору Накен Касиев дароо жооп берди:

- Ачык айтканда, бул жерде жер абдан тартыш. Бирок ошондой болсо да аким менен биргелешип, эл менен дагы сүйшүшүп фонддун жеринен карайбыз. Бүгүн жаңыдан көчүп келип башка суроону да коюп атабыз. Эл менен кеңешип оң жагына чечүүгө биз аракет кылабыз. Мектепти он биринчи класс кылып жакын арада чечип берүүгө убадабызды беребиз.

Андан аркы иш сапарында президент Аскар Акаев Өзгөн районундагы Куршаб-2 кыштакчасынын, Мырзакедеги спорт комплексинин, бизнес инкубатордун, айылдык филармониянын, Жаңгакты кыштагындагы жазында мектеби кулап, окуучулар чатырда сабак окушкан Койлубай Тиленбаев атындагы орто мектептин имаратынын ачылыш аземдеринде сөз сүйлөдү. Ош шаарындагы Сулайман тоосунун этегинде өткөн эгемендүүлүк салтанатынын күбөсү болду.

XS
SM
MD
LG