Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Ташкендеги жардыруулардын сырлары элге белгилүү болот


Астана. “Орто Азия шериктештиги уюмунун” алкагында Казакстанда өткөн министрлердин жыйыны бүгүн соңуна чыкты. Уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын министрлери Орусияны бул уюмга ырасмий кабыл алышты. Орусия Борбордук Азия шериктештигине 2001-жылдан бери эле кирүүнүн жолдорун изилдеп келген. Байкоочулардын баамында, уюмдун ишине буга чейин мүчөлөр ортосундагы этностук кара-каршылыктар, чегара проблемаларындагы пикир келишпестиктер, экономикалык кыйынчылыктар жана коопсуздук чараларынын кубатсыздыгы тоскоол болуп келген.

Ушул эле жыйындын соңунда Казакстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Ташкендеги жардырууларды иликтөө иштерине токтолушту. Алар иликтөө иштери бүткөндөн соң, материалдар маалымат каражаттарына бериле тургандыгын айтышты. Өзбекстандык министр Садык Сафаевдин айтымында, Казакстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында дале кооптонуу бар. Ошондуктан, текшерүү иштери күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG