Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Республикалык бюджетте бөлүнгөн каражат мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жетпейт


БИШКЕК. 2005-жылдагы республикалык бюджетте Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат менен кыргыз тилин жетишээрлик деңгээлде өнүктүрүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик тилди жана маданиятты өнүктүрүү боюнча комиссия төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагулов «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында келээрки жылдын бюджет долбоорунда аталган комиссияга 10 миллион 161 миң сом, ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 5 миллион 605 миң сом бөлүнөөрү пландаштырылууда. «Мен бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнө жана тиешелүү министрликтерге кайрылам» деп кошумчалады Ташбоо Жумагулов.

Мындан бир нече күн илгер өкмөттүн жыйыны өткөрүлүп, Кыргызстандын 2005-жыл үчүн бюджетинин алдын ала долбоору бекитилген.

XS
SM
MD
LG