Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Экономикалык өнүгүү тууралуу пикирлер ар түрдүү


БИШКЕК. Соңку эки жарым жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасында өнүгүүнүн белгилери пайда болуп, жакырчылыктын деңгээли 14 пайызга кыскарган. Тагыраак айтканда, 1999-жылы кыргыз элинин 55 пайызы жакырчылыкта жашаса үстүбүздөгү жылы мындай көрсөткүч 41 пайызга чейин төмөндөгөн. Мындай маалыматты Кыргызстандын каржы министрлиги таратты. Ошондой эле расмий маалыматка караганда, өлкөдө 2002-жылдан тарта инфляциянын деңгээли 5 пайыздан төмөн кармалып, улуттук акча - сомдун алмаштыруу курсу бир кыйла бекемделген. Кыргыз бийлигинин мындай маалыматына оппозиция өкүлдөрү ишенишпейт. «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун башчысы Азимбек Бекназаровдун пикирине караганда, сонку жылдары Кыргызстанда өндүрүш төмөндөгөндөн төмөңдөп, жумушсуздук күчөп, ишке жарамдуу атуулдардын кара курсагын тойгозуу максатында башка өлкөлөргө кетүүсү барган сайын өсүүдө. «Ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлиги келээрки парламенттик, президенттик шайлоолорго карата мындай фактыларды жаап-жашырып, «өнөр жай өнүгүүдө деген» маалыматты байма-бай таратып, курулай сөз менен кагаз түрүндө элдин башын айландырууда», дейт Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG