Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Россиянын коопсуздук органдары шейшембиде болгон авиакырсыктардын себептерин иликтөөнү улантып жатат


24-августта ТУ-154 жана ТУ-134 учактары дээрлик бир эле убакытта кулап түшкөн эле. Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Сергей Игнатченко билдиргендей, учактардын калдыктарынын арасында күчтүү жардыргыч заттардын издери табылды. Кабарларга караганда тергөөчүлөрдү чечен деп болжолдонгон эки аял-жүргүнчүгө байланыштуу маалымат өзгөчө кызыктырууда.
Игнатченко президент Владимир Путин аба каттамдардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн башка өлкөлөрдүн, асыресе Израилдин тажрыйбасы менен таанышууну сунуш эткенин билдирди.
Эсиңиздерге сала кетейин, кырсыктан 90 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG