Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Ирактын Садр шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрү өттү


Ирактын Садр шаарында бүгүн шийи урууларынын лидерлери менен Ирак полициясы жана америкалык аскерлердин өкүлдөрүнөн турган делегация сүйлөшүү өткөрүштү. Багдаддын жака белиндеги бул жерде радикал шийилердин лидери Муктада Садрдын согушкерлери менен америкалык аскерлер ортосундагы салгылашуулар токтобой келатат. Садр калаасындагы уруунун лидери Карим Ал-Бихасси “Ройтерске” билдиргендей, ал Садрдын көрсөтмөсү менен кризисти чечүү үчүн сүйлөшүүгө катышып жатат:

- Биз тынчтык менен коопсуздукту каалаган басмырланган калкбыз. Америкалыктар бизге демократия орнотобуз деп убада кылышкан эле. Биз Садрдын кеңсеси менен макулдашып, америкалыктар менен сүйлөшүү өткөрдүк. Натыйжада, тараптар ортосундагы ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашылды. Экинчиден америкалык патрулдардын же күчтөрдүн Садр калаасына кирүүсү токтотулду.

АКШ армиясынын басма сөз катчысы лейтенант Дэйв Свансон диалогдун башкы максаты тынчтык орнотуу экенин тастыктады:

- Америкалык армиянын өкүлдөрү шаардагы коопсуздукту калыбына келтирүүнү талкуулап жатышат. Жана коопсуздук орнотулаары менен шаар тургундарын керектүү кызматтар менен камсыздоо жолдору да сөзгө алынууда.

Нажафта болсо тынчтык келишмине ылайык Ирак полициясы эски шаарды патрулдоодо.

XS
SM
MD
LG