Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

ПАРЛАМЕНТ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН ТОЛУК МЕНЧИКТЕШТИРҮҮГӨ МАКУЛБУ?


Кыргыз өкмөтү энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычын баштоого ушул тапта абдан кызыкдар болуп турат. Бирок ага негиз берген мыйзамдар Жогорку Кеңештин кароосунан өтө элек. Өкмөт өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, буга сунушталган мыйзамдарды карабай жаткан парламент күнөөлүү. Ал эми депутаттардын болсо менчиктештирүүнүн буга чейинки баскычтарынын натыйжалуу болгонуна күмөнү күчтүү.

Кыргыз өкмөтү энергетика тармагын кайра түзүү жана менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычына жол ача турган бир нече мыйзамды Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасына ушул жылдын июнь айында сунуш кылган. Палата менчиктештирүүнүн буга чейин ишке ашырылган үч баскычынын натыйжасы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, кайра түзүүнүн кайтарымдуу болгонуна ынанмайын аны карабасын жарыя кылган. Буга Коопсуздук кеңештин энергетика тармагын караган жыйынында тармак кризизиске кептелди деген баанын берилиши түрткү болгон. Андан тышкары Эл өкүлдөр жыйынынын тармактын үч жылдык ишин текшерген депутаттык комиссиясынын бир миллиард сомго жакын каражат жең ичинен желген деген билдирүүсү депутаттарды кооптонткон. Парламенттин талабынан улам өкмөт отчетту даярдоого киришкен. Ал отчетту өкмөт бейшембидеги жыйынында карап, аны 1-сентябрга чейин кайра иштеп чыгууга жөнөттү. Ага премьер-министр Николай Танаевдин:

- Бизге менчиктештирүүнүн жакшы жактарын көрсөтүү маанилүү. Антпесек эч ким түшүнбөйт жана алар таптакыр башка кадамдарга барышы мүмкүн. Андан тышкары биз менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычын баштоого парламенттин макулдугун алгандан кийин кандай милдеттерди аткарарыбызды да так белгилешибиз керек,-деген талабы себеп болду.

Өкмөт башчы ошону менен бирге отчетто менчиктештирүүнүн жакшы натыйжасы деп төмөнкү жагдайларды көрсөтүүнү сунуш кылды:

- Эмне болсо да биз электр энергетика тармагын сактап калдык. Лампочкалар бардык жерде күйүп турат. Бизде эсти тандырган учурлар болгон жок. Мына Грузияда азыр электр жарыгы болгону эки сааттан берилет. Грузиянын электр тармагын сатып алган америкалыктар аны кайра Орусиянын электр станциялар ишканасына сатууга мажбур болду. Орусия азыр ишти жөнгө салууга аракет кылган менен жолго коё албай жатат. Андан башка Арменияда, Казакстанда эмне болду? Биз эң оор мезгилди жакшы өткөрдүк. Коррупция кескин кыскарды, тармакта бартер менен эсептешүү жоюлду.

Николай Танаевдин билдирүүсү боюнча, энергетика тармагын жок дегенде ушул абалында кармап туруу үчүн кеминде 200 миллион доллар зарыл. Ошон үчүн менчиктештирүүнүн жаңы баскычын тезинен баштоо керек. Бирок ага негиз берген мыйзамдарды ыкчам кабыл алууга ынандыруу өкмөттүн алдындагы зор милдет болуп турат.

Кыргыз өкмөт башчысынын минтип тынчсыздануусуна Дүйнөлүк банктын CSAC программасына байланыштуу койгон талабы түрткү болууда. Банк программасы аткарылбаса 450 миллиондук тышкы карызды жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлбөй калаарын кабарлаган. CSAC программасында белгиленген шарттар боюнча өкмөт тармакты менчиктешгтирүүнүн төртүнчү баскычын баштоого, тактап айтканда, «Түндүкэлектро» акционердик коомун концессияга берүүгө, «Кыргызгазды» менчиктештирүүгө жана өз ара эсептешүүнү жоюп, даректүү социалдык кам көрүүгө жол берчү мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйыны ишинин акырына чейин аталган мыйзамдарды кабыл алууга жетишпей калат деген кооптонуу күч.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика маселеси боюнча комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев мындай шашылыш кырдаалдын түзүлгөндүгүнө өкмөт өзү күнөөлүү деген ойдо:

- Мыйзамдарды июндун аягында, депутаттар каникулга тарарга эки күн калганда алып келишкен. Эми палата кабыл алган жок деп күнөөнү парламентке оодара салып жатышат. Бул туура эмес. Бул маселени эки жылдан бери созуп келишкен. Аны эки жыл мурда чечсе болмок.

Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча, маселенин июнь айында каралбай калышынын башкы себеби башкада:

- Биринчиден, өкмөт парламент талап кылган шарттарды аткарган жок. Программаны, финансылык булактардын структурасын көрсөткөн документти жана менчиктештирүүнүн үч баскычынын ишке ашырылышы тууралуу отчетту алып келүүгө милдеттүү болчу. Өкмөт алардын бирин да алып келбегенден кийин, албетте, депутаттар колдобойт. Андан тышкары саясий бир чечимди кабыл алуу үчүн чоң жоопкерчилик менен тобокелге баруу керек. Тобокелге барууга жарамдуу киши болуу керек. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү тобокелге баргысы келбейт. Себеби, кандай гана реформа болбосун, ал жанды кейитет. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү реформанын кесепеттеринен коркуп, «Кой, кызматымдан ажырап калам. Андан көрө тынчыраак отура берейин» деп, реформаны жасоо мөөнөтүн улам артка жылдыра берет. Бир сөз менен айтканда ушул кезге чейин буга чечкинсиздик түрткү болду.

Депутаттын баасы боюнча, менчиктештирүүнүн буга чейинки баскычтары энергетика тармагын жалпы кыйроодон сактап калды. Бирок аны жүргүзүүдө коррупциялашкан адамдардын катышы басымдуу болгондуктан коомдо натыйжага карата күчтүү күнөм саноо жаратты.
XS
SM
MD
LG