Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

ЧЕЧЕНСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ЭРТЕ ШАЙЛОО ӨТТҮ


Азиза Турдуева, Прага Кечээ Чеченстанда президенттик шайлоо болду. Маскөөчүл расмий бийликтин айтымында, ага жумурияттагы шайлоочулардын 80ге жакын пайызы катышты. Президенттик шайлоо мурдагы президент Ахмад Кадыровдун киши колдуу өлүмүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өттү.

Президенттик шайлоого 470 миңге жакын шайлоочу катышты. Жумурият боюнча 430 шайлоо бекеттери (участкалары) түзүлгөн. Шайлоого көз карандысыз эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да байкоо жүргүзүштү. Президентикке 7 талапкер ат салышты. Алардын ичинде республиканын ички иштер министри Алу Алханов Москва тарабынан колдоого алынган талапкер катары катышты. Чеченстандын мурдагы президенти Ахмад Кадыров ушул жылдын 9-майында Грозныйдагы аскердик парад учурундагы жардыруудан набыт болгон.

Маалыматтарга караганда, кечээ күнү Грозныйда бир шайлоо бекетинде жакын жерде жардыруу орун алды. Андан жан кечти өзү гана набыт болду. Анткени, ал шайлоо бекети жайгашкан имаратка кирүүгө аракет жасаганда, аны милиция кызматкерлери киргизбей коюшкан. Бул күнү Чеченстан боюнча коопсуздук абал жогору көзөмөлгө алынды. Жумурият боюнча 14 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартиптке көзөмөл салып турушту.

Чеченстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Керим Арсаханов билдиргендей, президенттик шайлоону акыйкат, демоктратиялык жол менен өткөрүү үчүн бүт аракеттер жумшалды. Грозный шаарындагы биринчи болуп шайлоо участкасына келген Байнурбек Йехяев өзүнүн пикирин мындайча билдирди:

- Мен Чеченстанда тынчтык, туруктуулук болсун деп тилейм. Чечен эли жертөлөлөрдө тамак-ашы, суусу жок башынан өткөргөн кара күндөр эч качан кайталанбасын. Кудай бүгүндөн тарта тынчтыкты берсин!, - дейт чечен шайлоочу.

Грозныйдагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Хамзат Какаев белгилегендей, шайлоо бекетине биринчи келип добуш бергендерге анча-мынча акча сыйлыктар да берилди:

- Эң биринчи келген шайлоочулар шайлоо комиссиясынан 100 рублден алышты. Биринчи ирет добуш берүүгө келгендерге ошондой эле, Чечен республикасынын Конституциясынын бирден нускасы тапшырылды .

Чеченстандын президентинин кызматын аткарып жаткан Сергей Абрамов кечээ түшкө жакын эле шайлоого республикадагы шайлоочулардын 30 пайызынан ашуун бөлүгү катышканын билдирген. Башкача айтканда, шайлоо болду деп эсептөөгө негиз бар. Анткени, Конституцияга ылайык, шайлоого шайлоочулардын 30 пайызынан кем эмес бөлүгү катышууга тийиш.

Буга чейин, чечен жикчилери президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууну убада кылышкан. Бул күнү автоунааларга шайлоо бекеттеринин имараттарына 15 метрден жакын токтотууга тыйуу салынды.

Айрым серепчилер апта башында Орусиянын учактарынын жардырылышын чечен жикчилеринин ишмердүүлүгү менен да байланыштырууда. Маалыматтарга караганда, бул эки учакта тең, бирден чечен аял болгон. Иликтөөчүлөр алар жанкечтилер болушу ыктымал деген божомолдорду да айтышууда.

Серепчилердин бир бөлүгү болсо, Кремлдин кийлигишүүсү менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктары Чеченстанга тынчтыкты алып келбейт деген көз караштарын да айтышууда. Чеченстандын буга чейинки төрт президентинин үчөө - эгеменчил Дудаев, Яндарбиев жана маскөөчүл Кадыров өлтүрүлгөн. Төртүнчүсү – эгеменчил Аслан Масхадов азыр Орусиянын атайын кызматтары тарабынан изделүүдө.

XS
SM
MD
LG