Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Афина олимпиадасы марафон менен жыйынтыкталды


Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Жак Рогге кечээ Афина оюндары бүттү деп жарыялады. Ошону менен 17 күнгө созулган спорт оюндарынын көшөгөсү жабылды.

Эң соңку мелдеш эркектердин марафону болуп, анда Италиялык Стефано Балдини Афинадагы эң акыркы алтын медалды тагынды.

Рогге Афина олимпиадасына жогорку баа берип, буларды кошумчалады:

- Коопсуздук чараларына канча акча которулганын биз бүгүн да так билбейбиз. Бирок болжолдуу сандарга караганда 11-сентябрдагы окуялардан кийинки эл аралык терроризмдин шартында Олимпиады оюндарынын коопсуздугун кепилдөөгө көп каражат жумшалды.

Кыргызстандан барган 30 спортчудан бири да байгелүү орун ала алган жок. Эң көп медалды Кошмо Штаттары алды. Америкалыктар 35 алтынга, жалпы жонунан 103 байгелүү орунга ээ болушту. 32 алтын менен Кытай экинчи, 27 алтын менен Орусия үчүнчү орунду ээледи. Украина тогуз алтын медал алып, 12чи орунга чыкты. Беларус, Иран, Грузия жана Өзбекстан ар бири экиден алтынга ээ болду.

Кечээ ошондой эле Казакстандын темир муштуму Бахтияр Артаев бокс боюнча биринчи орунга чыкты.

Таңкы соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG