Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Бишкекте Курманжан датканын эстелиги ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз элинин 19-кылымдагы улуу инсандарынын бири, Алай ханышасы деген атка татыган Курманжан датканын эстелиги ачылды. Ал Бишкектин Эркиндик гүлбагынын ичиндеги Эркиндик аянтына, мындан ондогон жыл илгери Владимир Лениндин, кийин Феликс Дзержинскийдин, андан соң Эркиндик статуясы турган жерге коюлду. Ал Курманжан датка коомдук фондусу марафон өткөрүп чогулткан каражатка жасалып, жетишпеген кем-карчын өкмөт толуктаган. Эстеликти ачуу салтанатына президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер катышып, эстелик Курманжан датканын ишмердигин кийинки муундарга таанытаарын белгилешти. Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев эстеликтин ачылышына катышуу үчүн барган партия өкүлдөрүн милиция «чакыруу кагазыңар жок» деп аянтка өткөрбөй койгондугун кабарлады.

XS
SM
MD
LG