Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ ТРОЛЛЕЙБУС ЛИНИЯСЫНЫН ЖАНА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНДА БОЛДУ


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата 30-август күнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын бири «Ак өргөөгө» троллейбус жүргүзүлүп, беш жылдык башталгыч мектептин ачылышы болду. Бул салтанаттарга Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышты.

Жашоочуларынын саны 30 000ден ашуун болгон «Ак өргөө» жаңы конушуна троллейбус жүргүзүү маселеси көп убактан бери айтылып, бирок ишке ашпай келе жаткан. Мындан 2-3 жыл мурда жаңы конуштун 5 чакырым жолу оңдолуп, троллейбус зымдары тартыла баштагандан бери жашоочулар троллейбустун келээр күнүн күтүп жүрүшкөн. Шаардагы башка жаңы конуштарга караганда элинин саны көп болгон «Ак өргөөгө» троллейбус каттамынын жүргүзүлүүсү зарыл эле деген пикирлер айтылып жатты.

Жаңы конуштун тургуну Жашыл Закированын айтуусунда троллейбустун жүрүшү өзгөчө шаарга каттап окушкан мектеп окуучулары үчүн жакшы болду:

- Мен ушул «Ак өргөө» жаңы конушунда жашайм. Троллейбустун жүргөнү эң биринчиден шаардагы мектептерде окушкан балдар үчүн жакшы болду. Маршруттук таксилер албай, өзгөчө кышында жолдо калып, үшүп кыйналышчу. Азыр баарыбыз кубанып атабыз.

Жашыл Закированын сөзүн дагы бир жашоочу Сара Бейшеналиева кубаттады:

- Менин эки уулум студент. Аларга жолуна берген акчабыз да үнөм болот деп сүйүнүп атабыз. Акчаны үнөмдөйм деп уулум жөө кетчү эрте менен. Ысык-суук дегендей, кыйналышчу? айтор. Биз 8-9-16 каттамдагы троллейбустар баары келет го деп ойлогонбуз, бирок ушул жагына да шүгүр.

Жаңыдан ачылган троллейбус каттамынын айдоочуларына суроо узаттык. Тургунбай Акматказиев:

- Мектеп окуучулары бир сомдон төлөйт, кары-картаңдар, жеңилдик алгандар, Ооган согушунун катышуучулары, милиция кызматкерлери акысыз жүрүшөт.

-Жол тар деп жатышат?

-Троллейбус үчүн андай эле тар эмес, бирок маршруттук таксилерди көп коё бере турган болсо тар болуп калуусу мүмкүн.

Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын улук диспетчери Галина Страстенконун айтуусунда жаңы ачылган линия боюнча 16-каттамдагы троллейбустар жүрмөкчү, каттамга дагы кошумча он троллейбус бөлүнгөн:

- Он минуталык аралык менен он машина күн сайын иштемекчи. Эми 16-троллейбус каттамынын бир багыты «Ак өргөө» жаңы конушу болуп калды. Жол бир аз тарыраак, бирок бул троллейбустун иштөөсүнө жолтоо боло албайт. Кышында өргө чыгууда гана айдоочулар кыйналуусу мүмкүн.

Троллейбус линиясынын ачылыш аземинен кийин президент баштаган өлкө жетекчилери 16-каттамдагы троллейбустун алгачкы жүргүнчүлөрүнөн болуп, троллейбуска отурушту да, жаңы курулуп, пайдаланууга берилген «Ак өргөө» башталгыч мектебинин ачлышына барышты.

Башталгыч мектеп 120 орундуу. Жаңы мектептин жетекчиси Динара Иманалиеванын айтымында ата-энелердин суранычы менен бирден орус класстары ачылган. Мектеп окууга керектелүүчү жабдыктар жана окутуучулар менен толук камсыз болуп, кирип келген жаңы окуу жылына толук даяр.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG