Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

“Адам жана тагдыр” түрмөгүнөн кыргыздын бул дүйнөдөн мезгилсиз көзү өтүп кеткен мыкты инсандары тууралуу берүүнү улантабыз. Бул жолу белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, маркум Бекмамат Осмонов жөнүндө сөз болот. Эстегендер анын өтө курч, сөз келгенде эч нерседен кайтпаган көк жалдыгын өзгөчө белгилешет. Mаркумдун инсандык сапатын, бийликти тута билген адамгерчилигин бийик чокулуу алп тоолорго салыштырат бирге иштешкендер.

Турган турпатын, түс келбетин алп кушка окшотуп, кыргыздын чыныгы мырза жигити болчу деп эскеришет маркум жөнүндөгү эске тутумдарда.

Мырза кишинин ой-кыялдарынан жаралчу ырлар ырдалбай, күүлөр чертилбей калды деген армандуу сөздөр айтылып жүрөт эл арасында. “Осмонов саясатчы, бийлик адамы гана болбостон, чыгармачыл киши болчу” деп көп эле гезиттерде басылган. Урунттуу жерлерин айтсак - ал тубаса мүнөзүндө чындыкты бетке айткан, табият сырын терең сүйгөн, анын керемет сулуулугунун түрдүү кубулушуна жан дүйнө түнөткөн тоолуктардын тукуму болчу деп айтылат.

Бекмамат Осмонов легандарлуу парламенттин депутаты катары улуттун кендирине кесе турган, таасир этчү айрым маселелерге макул эместигин ачык айтып келген. Баары бир акыры барып Осмоновдун жүрөгүн өйүгөн проблема ал ойлогондой эмес, башка жагына чечилмегин билсе да Кыргызстандын пайдасына аз да болсо салым кошкондон кайра тартпаган.

Бекмамат мырзадай асыл адамдар бир жаралат деген эскермелер ушундайлардан улам айтылып калгандыр.
Осмоновдун мүнөзүн эске салган өзүнүн бир жыйында сүйлөгөн сөзүнөн учкай үзүндү угалы:

-Ушул маселе боюнча пикирин өзү менен ала келиш керек. Он барак кылып жазып алып, башынан аягына чейин окубай. Пикирин ачык айтыш керек. Андай эмес да. Сөз сураган жолдоштордун көбүнө сөз берилбей калат. Списке менен берет. Орусча айтканда алдын-ала уюштурулган маселе да. Эгерде “заорганизованностту” жоготпосток иш жакшы болбойт. Мына ушул алдын-ала даярдап койгондун кесепетинен бизде демилге жок. Демилгеси бар жолдошторду туура эмес көз менен карашат. Ошого кандайдыр бир неформальный, неформированный көз караш менен карап жатышат да.

Осмоновдун мындай идеясы, жүзү өзүнүн жашоо турмушундагы жүрөк кагуусу менен кошо жашаптыр. Ал элдин жашоо-турмушун өнүккөн мамлекеттердин катарына коюп карап, канткенде жакшы жашоого жеткирсе болот деп баш катырчу. Анын мындай бир мүнөзүн акын Кожогелди Култегин мындай деп сүрөттөптүр:

- Жаңылып, мүргүп—түз неме,
Жаңырып дүргүп бүттүбү—ээ?
Саамга токтой калса да
Заманга окшой түшчү эле.

“Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” демекчи? акын Кармышак Ташбаев Осмоновдун өмүр-тагдыры тууралуу жазган бир ырында:

- Эчен ирет элиңди алга сүрөдүң,
Эссиздердин кеп-сөзүнө жүдөдүң.
Калкың тарткан кыйындыкты бүгүнкү
Көтөралбай калды бекен жүрөгүң,- деп акын ушундайча армандуу ыр жазыптыр.

Осмоновдун бир тууган иниси Абдуллабек Осмонов минтет:

- Биз бир тууган катары бирге өсүп-чоңойдук. Мамлекеттик кызматтарда да бирге иштедик. Ошондон бир тууган катары Бекмамат агабыздын арабыздан кетиши ар дайым орду толгус жоготуу болуп калды. Анын кимге болбосун тик карап сүйлөгөнү, кайрымдуулугу качан болбосун эстетип турганы турган. Айла канча, тагдыр экен. Көп жашаса болот эле. Анын жүрөгүн оорутканга канчалык бир деңгээлде түрткү болгон жагдайлар жок эмес деп ойлойм. Ал өзү жашап жаткан доорго ыраазы болбой жүрүп өтүп кетти. Улуттун кызыкчылыгы агамдын өзү менен кошо төрөлгөн экен. Каерлерде иштебесин, эл менен кезигип, алардын мүдөөсүн чечкенге дилгир эле. Кайран киши.

Ушундай деген бир тууганы Абдулла Осмоновдун сөзүнөн соң бир акындын ыры эске түшөт:

- Беренге белен салмакпы,
Бекмамат болуш ардак бу.
Балдары тургай жер тиктеп
Балбандар жетим калмакпы.
Туугандар тургай мостоюп
Душмандар “жетим” калмакпы...

- Уккан кезде жашты төктүм кайгырып,
Бир боордоштор кала бердик айрылып,
Ала-Тоодо шумкар элең шаңшыган,
Жатып калдың жердин алдын жай кылып.

Айтса, жүрөк оорусу ушундай тынымы жок түйшүкчүлдүгүнөн пайда болгондур деген эл сөзүндө калет жоктур. Эл тагдыры үчүн күйгөн жетекчи бүгүн арабызда болсо, дагы улуу иштер жасалмак. Тагдыр ошонусу менен тагдыр тура.

Замандаштарынын айтымында, Бекмамат Осмонов өз боюна көп кырдуу илим-билимдин, мамлекеттик ишмердүүлүктүн уюткусун сиңирген, кыргыздын маданиятын, тарыхын беш колдой билген, талдай билген, таланттуу инсандардан болгон.

Бекмамат Осмонов тирүү болгондо саналуу айлардан соң 60 жашка чыкмак экен. Ал 1945-жылы Жалалабад облусундагы Акман айылында жарык дүйнөгө келген.
Бекмамат Осмоновдун жүрөгү токтогон мезгил, ушул күз айы, тагыраак айтканда 1997-жылы 28-октябрь күнү болчу. Анда ырчы Жолболду Алыбаевдин бейит башында төгүп турган армандуу ырынан үзүндү окуйлу:

- Куп мүчөсү жарашып,
Күн чапчып турчу күркүрөп,
Кабылан кетти дегенде
Кайран эл турду мүңкүрөп.

Алп мүчөсү жарашып
Ай чапчып турчу күркүрөп.
Арстан өттү дегенде
Ала-Тоо турду дүңгүрөп…

Маркумдун жубайы Сажида айым:

-Экөөбүз 28 жыл бирге жашадык. Ага жараткан сулуулукту, бой-келбетти, акыл-эсти, жигиттик парз-сапаттарды ченебей берген экен. Бирок өмүрү ченемдүү берилиптир.. Тагдыр экен. Өзү өлүшүн билбей калды. Балким жүрөгүнө операция жасатпаганда өлбөйт беле деп арман кыла берем.

Эмне демек элек, “Жамандын жары болгончо жакшынын жесири бол” деген улуу макал ушул Бекмамат мырзанын жесири Сажида айымга арналгандай таасир калтырат. Кыргыздын дагы бир мыкты инсаны Осмонов да ошентип бул дүйнөдөн мезгилсиз кетти.

Бекмамат мырза сыяктуу мезгилинен эрте кеткен атпай журттун атуулу жалгыз ушул Осмон уулу эмес. Султан Ибраимов, Анарбек Бакаев, Насирдин Исанов, Апсамат Масалиев, Исхак Раззаков - булар катар жатат. Же айтылып жүргөндөй жакшы адамдын өмүрү кыска болот белем. Осмонов 51 жашында кайтыш болуптур. Ал эл эсинде жапжаш бойдон калды. Депутат Өмүрбек Текебаев мындай деп эскерет:

-Бекмамат аке экөөбүз Жалал-Абад облус болуп түзүлүп жатканда бирге иштедик. Ал киши макал-лакап менен айтар сөзүн жеткире түшүндүрчү. Мен ойлой берем, ушундай өткөөл заманда Бекмамат Осмонов абдан керек эле. Кандай кырдаал болбосун топту жарып кирип, айтар сөзүн ачык айтып, жакшылык жагына сүрөгөнгө бар киши эле. Канчалык айкындык дегенибиз менен, анын акйыкаттык сөзү өзүнчө башка эле. Кыйын кезде башты катып алып, бирөөнүн көзүн караган адамды сөз менен ого бетер мүчүтүп салаар эле. Анын саясаттагы орду бош калды. Өзүндөй кеменгер азамат чыга элек. Бекмамат мырза улуттук намыс үчүн төрөлгөн, бычакка сап болчу инсандардын бири эле.

Бекмамат Осмоновдун кайтыш болгону бирге жүргөн жоро-жолдоштору үчүн орду толгус кайгы болсо, бир туугандары үчүн чоң ажыроо, кайгыга жык толгон арман болду дейт анын жакын жолдошу, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муканбек Алыкулов:

- Экөөбүз бирге өсүп, бирге окуп, студенттик күндөрүбүз да чогуу болду. Адам катары туйгун эле. Тубаса патриот, чыныгы жигиттин мырзасы эле. Бала кезинен чындыкты жакшы көргөн мүнөзү айкын эле.

Алыкулов мырза ушундай эскерди. Осмонов тууралуу узун сабак кептерди угуп отуруп, аз жашаса да саз, эл эсинде калгандай абийирде таза жашап өтүптүр дейсиң. Ошондон Бекмамат мырзадай уулун түптүү журт, туу кылып, түбөлүктүү эстеп жүрөрүндө шек жок. Ал кан төгүлбөй, согушу жок тагдырдын бир табериги катары келип калган эгемендиктин баасын алгачкылардан болуп жетик түшүнө билген саналуу коомдук ишмерлердин катарына кирет.

Анынсыңарындай, Бекмамат Осмонов Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгач түптөгөн мамлекеттик жетекчилердин сабына кошулат. Чагылгандай курч келген Осмонов, ажалга да март карады белем, күтүүсүздөн эр ортону элүү жаш курагында бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди делет анын элесине арналып жазылган эскермелерде. Осмон уулу Бекмамат ошого ылайык кыргыз интелигенциясынын өкүлү катары мамлекеттик масштабда ой жүгүртө алган нукура патриот эле.
XS
SM
MD
LG