Жекшембиде Чеченстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгы бир түн ичинде алдын ала чыгарылды. Ал жыйынтыкта президенттик орунду маскөөлүк бийлик колдоого алган Алу Алханов жеңип чыккандыгы айкын болду. Чеченстан шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсаханов журналисттер алдында:
- Алу Алханов үчүн 321 миң 271 киши добуш берди. Бул жалпы эсептин 73,78 пайызын түзөт. Ал ушундан тарта алдына эч кимди чыгарбаган бирден бир лидер болуп калды. Аны 50 пайыздык өткөөл чектен ашып кетти дешке болот, - деди төрага дүйшөмбүнүн таңында.
Кийин “Эхо Москвы” үналгысы аркалуу айткан пикиринде “Мемориал” укук коргоо уюмунун кызматкери Усам Байсаев добуш берүү маалында тартип бузуу болгонун айтты:
- №406 шайлоо учаткасында ашыкча бюллетендерди үкөккө салуу болуп атканын талапкер Мовсур Хамидовдун жаатташтары көрүп калышкан. Алардын талабы боюнча прокуратурадан кызматкерлер келген, текшеримиш болушкан, бирок кылмыш ишин ачышкан эмес.
Эл аралык көз салуучулар шайлоонун жүрүшүнө оң баа беришти. Араб өлкөлөр лигасынын өкүлү Саид аль–Барами:
- Биз кайсы бир участкаларда болуп кайттык. Шайлоо кадыресе өттү, эч кандай терс маслеттер болгон жок, - деди.
Кечээ күнгө дейре эле анализчилер 47 жаш курактагы Алхановду жеңишке жетет деп алдын ала айтып келишкен. Чечен жикчилдери болсо “Орусия басып алган жеринде өткөргөн шайлоону дүйнөлүк коомчулук тааныбашы керек”, - деген жарыя таркатышкан. Андан саал мурдараакта жикчилдер “маскөөнүн камчысын чабуучунун” б.а. Алхановдун канын төгөбүз деп убада кылышкан.
Ошондон уламбы шайлоонун жыйынтыгы абдан тактала элек болсо да 30-августта Алханов мындай деди:
- Мен кечөө айткам, бүгүн да айтам жана эртең да кайта айта берем - Масхадовдо бир гана жол калды. Ал өз элинин алдына келип кечирим сурашы керек.
Маскөөлүк саясатчылар баамында жаңы шайланган Грозный бийлиги мурдагы эле президент Кадыровдун жолун жолдойт. Орусиялык саясий технология Борборунун директору Игорь Бунин айтканга караганда:
- Алхановду талапкер кылып сунуш этүү жалпы "кадыровдор" тараптан жүргүзүлгөн. Ошондуктан ал мурунку эле саясатты уланат, - дейт.
“Коммерсант” гезитинин Грозныйдагы кабарчысы Муса Мурадов шайлоо участокторунун ишин өз алдынча сынап чыккан. Жекшембиде ал ар кайсы шайлоо участокторуна кирип, "мен тизмеге илинбей калыпмын" деген шылтоо менен төрт жолу добуш берип чыккан.