Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Түндүк Корея жолбашчысынын жубайы акыркы сапарга жашыруун жагдайда узатылды


Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Түндүк Корея лидеринин экинчи жубайы Ко Йонг Хуй кезинде белгилүү бийчи болгон. Ал 13 –августа, 51 жаш курагында Парижде рак оорусунан дарылануудан кайтып келгенден кийин, жүрөгүнөн инфаркт болуп каза тапкан. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Пхеньянда жашыруун жагдайда өткөрүлдү. Ким Чен Ирдин өзү жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү маалыматтар Түндүк Кореяда мамлекеттик сырга теңештирилген.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG